MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер, байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды кубаттандыруу иштерине байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 11-сентябрда, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндө убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Ош облусунун Гүлбаар-Төлөйкөн, Мырза-Аке, Арек, Падаван, Мөнөк айылдары;
- Ош шаарындагы Мамыров, Фрунзенская, Рашид Юнусов, Западная, Исанов, Маматкаримов Аттокур, Коргон- Төбө көчөлөрү, Достук кичирайону жана унаа базары;
- Жалал-Абад шаарындагы Пушкин, Шопоков жана Жеңижок көчөлөрү, Жалал-Абад облусунун Чоко-Дөбө, Таштак айылдары;
- Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын Кравцов көчөсү;
- Нарын облусунун Чекилдек, Жаңы-Арык, Эпкин жана Кара- Мойнок айылдары жайгашкан аймактар камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы