Перейти на новый сайт

MegaCom өлкөбүздүн улуттук дзюдо федерациясына колдоо көрсөттү

MegaCom өлкөбүздүн улуттук дзюдо федерациясына колдоо көрсөттү

Үстүбүздөгү жылдын 26-августунан 2-сентябрына чейин, Бразилиядагы Рио-де-Жанейро шаарында улан-кыздар арасында дзюдо боюнча Дүйнө Чемпионаты өтөт. Чемпионатта 66 кило салмагында Ислам Баялинов, 73 кило салмагында Азат Бакаев, 90 кило салмагында Чынгыз Мамедов, 100 кило салмагында Болот Токтосунов жана 100 кило салмагынан жогору, дүйнөнүн эң мыкты 15 дзюдоисттеринин тизмесине кирген Юрий Краковецский аттуу Кыргызстандын мыкты мушкерлери күч сынашмакчы.

Аталган чемпионатта дүйнөнүн 150дөн ашуун өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышышат. Азыркы учурда, дүйнө чемпионатына бардык жактан кызуу даярданып жаткан Кыргызстандык спортсмендер, чеберчилигин жогорулатууга багытталган спорттук атайын жыйындарын өткөрүүдө. Балбандар олжолуу жеңиш гана алдыда деп ишенишет.

Мелдеш алдында, өлкөбүздүн дзюдо боюнча курама командасы менен MegaCom уюлдук операторунун башкы директору Азат Базаркулов жолугушуп, аларга жеңиш жана ийгилик каалады. Компания башчысы спорт менен машыгууга атайын тигилген кийимдеринин 30 комплектисин жана Бразилия чемпионатына катышуу үчүн зарыл болгон финансылык жардамды КРдин дзюдо федерациясынын өкүлдөрүнө тапшырды.

MegaCom компаниясы, “Спорт - ден-соолуктун булагы" деген канаты кайрылбас учкул сөзгө шайкеш келип жана ар бирибизди спорт менен машыгууга, сергек мүнөздөгү жашоону жайылтууга үндөп, өлкөдөгү көптөгөн спорт турнирлерин өткөрүүгө колдоо көрсөтүүдө. Алардын бири, 2012-жылдын октябрында, Кожомкул атындагы Спорт сарайында болуп өткөн. Уюлдук оператор, тандап алуу, лицензиялык мелдештеринде катышып, спорт жаатында өлкө намысын коргоп келген атактуу спортчуларга жана таланттуу жаш спортчуларга дайым колдоо көрсөтүп келет.

Сунушталган кызматтар

  • E-mail дарекке деталдоо

    кызматы

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы

  • «SMS–кеңешчи»

    кызматы

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы