MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер, байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды кубаттандыруу иштерине байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 14-августта, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндө убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Бишкек шаарындагы Хвойная жана Фучик көчөлөрү;
- Чүй облусунун Шопоков шаары жана Маловодное айылы;
- Нарын облусунун Калинин, Кара-Мойнок, Чаек, Жаңы-Арык, Арал, Чекилдек, Эпкин айылдары жана Миң-Куш шаарчасы жайгашкан аймактар камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы