Перейти на новый сайт

MegaCom мобилдик интернетине акысыз кошулууга шашылыңыз

MegaCom мобилдик интернетине акысыз кошулууга шашылыңыз

MegaCom “Бардыгына Интернет” акциясына катышууга бардык абоненттерди чакырат. 1-августтан тарта 10-августка чейин, MegaCom түйүнүнүн бардык Сатуу жана тейлөө борборлоруна (СТБ) жана аймактык бөлүмдөрүнө келген бардык меймандарга, “Жеткиликтүү интернет”, “Активдүү интернет”, “Чексиз интернет” жана “Чексиз интернет 100” тарифтик опцияларынын бирин акысыз кошуу мүмкүнчүлүгү тартууланат.

Ал эми, өз мобилдик телефонундагы GPRS-кызматтарын тескөөнү каалаган бардык абоненттерге 10 Мб белекке берилет.

Өлкө аймагында жайгашкан MegaCom СТБнын бирине келген абонент, аталган акциянын артыкчылыктарын баамдап, мобилдик түзмөктөгү What’s App, Mail.ru Agent, Instagram, Odnoklassniki.ru сыяктуу кошумча колдонмолорун пайдаланууну үйрөнүү менен бирге, түйүн тартуулаган кошумча мүмкүнчүлүктөрү менен тааныша алат. MegaCom компаниясынын Сатуу жана тейлөө борборлорунун даректерин компаниянын расмий сайтынан билүүгө болот.

Улуттук статком тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстандагы Интернет-пайдалануучулардын саны жыл сайын үзгүлтүксүз өсүүдө. Өлкөнүн алдыңкы уюлдук оператору, кайсы жерде болбосун миллиондогон кыргызстандыктарга жогорку сапаттагы байланыш кызматтарын тартуулап келет.

Сунушталган кызматтар

  • «Амедиатека»

    кызматы

  • «Жакын адамдар»

    кызматы

  • Нумеролог

    кызматы

  • «Сени издейм»

    кызматы