Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы «Мейкин Азия» фестивалында эң көп SMS-добушка ээ болгон мекендешибиздин кубанычына ортоктош болду

MegaCom компаниясы «Мейкин Азия» фестивалында эң көп SMS-добушка ээ болгон мекендешибиздин кубанычына ортоктош болду

Касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлгөн «Мейкин Азия» популярдуу музыка фестивалы, өткөн аптанын соңунда, жыйынтыкталды. Маалым болгондой, улуттук уюлдук оператор фестивалда башкы демөөрчүлүк милдетти аркалады.

Конкурстун жүрүшүндө, MegaCom компаниясынын техникалык колдоосу менен, бардык операторлордун абоненттери өзүнүн көңүлүнө төп келген аткаруучу үчүн SMS-добуш бере алышты. SMS-добуш берүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө мукам үндүү мекендешибиз Адилет Азим уулу татыды. Уюлдук компаниянын башкы директору Азат Базаркулов жеңүүчүгө атайын белекти- 5000 акысыз мүнөттү жана 5 Гб интернет-трафикти жана “алтын” номурлуу sim-картаны жана да акыркы муундагы заманбап Samsung Galaxy S4 телефонун тапшырды.

“Мен мекендештеримдин ишеничине арзыганыма өзгөчө кубанычтамын жана мага добуш берген бардык кыргызстандыктарга терең ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин. Ар бир аткаруучу үчүн угармандардын назарын буруу абдан маанилүү. SMS аркылуу добуш берүүнү демилгелеген жана жагымдуу белектерди тартуулаган Megacom компаниясына өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет”, - деп толкундана ой бөлүшкөн Адилет, өз кезегинде, компаниянын дарегине өз каалоолорун билдире кетти.

MegaCom компаниясы, жаштардын чыгармачыл, интеллектуалдык жана спорт багытындагы өнүгүүсүнүн маанилүүлүгүн аңдоо менен, прогрессивдүү демилгелерди дайым колдоп келет.

Сунушталган кызматтар

  • Ишенимдүү төлөм

    кызматы

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы

  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi (КМТУ)

    кызматы