Перейти на новый сайт
3,75G : MegaCom мобилдик интернети көз ачып -жумганча

 
3,75G : MegaCom мобилдик интернети көз ачып -жумганча

Маалымат технологияларынын үзгүлтүксүз өнүгүүсү мобилдик тармактардагы процесстерди жана агымдарды оптималдуу жана ыкчам бөлүштүрүүгө шарт түзөт. Компаниянын техникалык адистери тарабынан киргизилип жаткан технологиялар байланыш сапатын (үн трафигин, SMS, MMS – билдирүүлөр) мыктылоого жана GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.

Эми Нарын облусунун тургундары үчүн видеолорду онлайн көрүү, файлдарды жана сүйүктүү сайттарын жүктөй алышат. Компаниянын техникалык адистери тарабынан 3G-каптоосу жакшыртылып Нарын шаарынын, Достук шаарчасынын жана Таш-Башат, Жалгыз-Терек, Дөбөлү, Сегизинчи март, Учкун, Ак-Тал айылдарынын тургундары үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Чүй облусунун Кара-Балта шаары, Төө-Ашуу капчыгайы жана Сокулук, Төш-Булак, Беш-Күңгөй, Кызыл Октябрь айылдары да четте калган жок. Тармактын сыйымдуулугун арттыруу иштери Талас облусунун Кара-Сай, Бейшеке айылдарындагы байланыштын сапатына өзүнүн оң таасирин тийгизди.

Тармактын иштөөсүн жакшыртуу жана мүчүлүштүктөрдү жоюу максатында техникалык жабдуулар байма-бай жаңыртылып турат. Мындай иш-аракеттер өз кезегинде компания сунуштаган кошумча кызматтарды кеңири колдонууга шарт түзөт. MegaCom уюлдук оператору мобилдик интернетти колдонуучулар үчүн «Чексиз Интернет» жана «Чексиз Интернет 100», трафигиндеги түрдүү муктаждыктар үчүн каралган чектелбеген опцияларды, «Ыкчам Интернет» USB-модеми аркылуу интернетке чыгуунун тарифи сыяктуу атайын кызматтарды сунуштайт. Күн сайын Интернет кызматтарынан пайдалануу үчүн компания тарабынан атайын опциялар да сунушталат. Алардын катарына «Жеңил Интернет», «Активдүү Интернет» жана «Жеткиликтүү Интернет» опцияларын киргизүүгө болот. Мындан тышкары дагы мобилдик интернетти колдонуучулар үчүн интернет-топтомдор дагы сунушталууда.

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аныктагыч

    кызматы

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • Автомаалымдоо

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы