Перейти на новый сайт
MegaComдун жаңы роуминг-өнөктөштөрү

MegaComдун жаңы роуминг-өнөктөштөрү

MegaCom компаниясы эл аралык роуминг чөлкөмүн кеңейтүүнү ийгиликтүү улантууда.

Жапониядагы NTT DOCOMO INC. эл аралык ири уюлдук оператору MegaCom компаниясынын жаңы роуминг өнөктөшү болуп, эми аталган оператордун тармагында “Кийин төлөнүүчү роуминг” жана “GPRS-роуминг” кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү ачылды. Буга чейин, аталган кызматтардан башка жапониялык оператор SOFTBANK MOBILE Corp. компаниясынын тармагында пайдалануу мүмкүн эле. Мындан тышкары, чет өлкөлөрдө жүргөн компаниянын абоненттери мобилдик интернеттен пайдалана алышат. Маселен, Чехиядагы T-Mobile Czech Republic a.s. уюлдук операторунун тармагында “GPRS-роуминг” кызматы ишке киргизилген.

MegaCom абоненттери аталган өлкөлөрдө үн баарлашуу жана GPRS-роуминг кызматтарынан тышкары, кыргызстандын бардык уюлдук операторлору жана дүйнөнүн көптөгөн мобилдик операторлору менен эки жактуу SMS-алмашуу кызматынан пайдалана алышат.

Роуминг кызматы абоненттин жүргөн жерине карабастан, өз номурду алмаштырбастан, жакындары менен дайым байланышта болуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Роуминг боюнча өнөктөш-операторлордун, өлкөлөрдүн тизмеси, кызматтардын тарифтери менен MegaComдун абоненттерди тейлөө жана сатуу борборлорунан, Кардарларды колдоо кызматынын адистеринен *500 же 0555 500000 телефондору аркылуу жана компаниянын расмий сайтынан таанышууга болот.

MegaCom роуминги аркылуу Сиз дайым бүткүл дүйнө менен байланышта болосуз.

Сунушталган кызматтар

  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы

  • «Видеочалуу»

    кызматы

  • «MegaMusic»

    кызматы

    icon
  • «Интернет роуминг»

    кызматы