Перейти на новый сайт

Спорт тармагы MegaCom компаниясынын көңүл борборунда

Спорт тармагы MegaCom компаниясынын көңүл борборунда

Уюлдук оператор, аймактарды колдоо программасынын алкагында, Баткен облусунун Кыштут айыл округунун администрациясына Газ айылындагы спорт комплекстин курулушу үчүн 10 тонна цементти материалдык жардам катары берди.

Аймак тургундары белгилеп өткөндөй, айылда көптөн бери иштебей турган маданият Үйүнүн эскилиги жетип, жараксыз болуп калган имаратынын ордуна спорт комплексин куруу чечими кабыл алынган. Бул жаңы комплекс Газ айылынын гана эмес, ага жакын жайгашкан калктуу конуштардын жашоочуларына да спорттун теннис, баскетбол сыяктуу түрлөрү менен машыгууга шарт түзүп, компьютердик кызматтарды, балансты толтуруу ж.б. кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштап, алардын маданий –социалдык турмушундагы жагымдуу жаңылык болмокчу.

Кечээ жакында, Баткен облусунун Кыштут айыл округунун тургундарынын атынан компаниянын дарегине жолдонгон ыраазычылык катында Кыштут айыл округунун башчысы Сулайман Камчыбеков мындай деп жазат: “Баткен облусунун Кыштут айыл округундагы Согмент айылынын аймагында жаңы базалык станция орнотулуп, айыл тургундары сапаттуу байланыш кызматы менен камсыздалган эле. Азыркы учурда, мындай иш-аракеттер Таян жана Сай айылдарын дагы өз кучагына алмакчы. Жергебиздин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы үчүн MegaCom компаниясына чоң ыраазычылык билдиребиз”. 

Түштүк аймагынын инфраструктурасын өнүктүрүү максатын көздөгөн алдыңкы уюлдук оператор, аталган аймактагы байланыш менен камсыздалбаган калктуу конуштардын санын күн санап азайтып келет. Компания адистеринин бул иш-аракетин жергиликтүү тургундар да жигердүүлүк менен, билек түрө колдоп келишет.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Mega24» мобилдик тиркеме

    кызматы

  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы

  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы

  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы