Перейти на новый сайт

MegaCom Македониянын T-Mobile Macedonia AD Skopje тармагында кийин төлөнүүчү жана GPRS роумингди киргизди

MegaCom Македониянын T-Mobile Macedonia AD Skopje тармагында кийин төлөнүүчү жана GPRS роумингди киргизди

MegaCom компаниясы абоненттерине баарлашуу кубанычын тартуулап келет. Ишкер сапарга же эс алууга аттанып жаткан абоненттерине, дүйнөнүн кайсы гана жеринде болбосун, жакындары менен байланышты камсыздоо максатын көздөгөн компания роуминг-өнөктөштөрүнүн катарын толуктап келүүдө. 2013 – жылдын 10-июнунан тарта, Македония аймагынын T-Mobile Macedonia AD Skopje операторунун тармагында GSM жана GPRS-роуминг кызматы киргизилди.

Туризмдин түрлөрүн, балыкчылыкты, рафтингди өнүктүрүп, орто кылымга жана байыркы доорго таандык архитектуралык эстеликтердин үлгүлөрүн көздүн карегиндей сактаган Македония миңдеген туристтерди өзүнө тартып келет.

“Тынымсыз өнүгүп жаткан жаңы технологиялар өз мекенинде же өлкөсүнөн алыс жүргөндө да ар дайым байланышта болуунун өбөлгөсү. MegaCom компаниясынын GPRS-роуминг кызматын ишке киргизүү чет өлкөлөрдө жүргөн абоненттер үчүн 3G жана GPRS-роуминг инновациялык кызматтарынын артыкчылыктарын баамдап, пайдаланууга шарт түзөт”, - деп белгиледи, компаниянын роуминг жана интерконнект бөлүмүнүн жетекчиси Раушан Белекова.

MegaCom 3G жана GPRS-роумингин кошуп, мобилдик интернеттин чексиз ааламын ачыңыз.

“Роуминг” кызматы жөнүндө толугураак маалыматты компаниянын Сатуу жана тейлөө борборлорунан, *500 же 0555 500000 (чалуу акысыз) телефондору боюнча жана компаниянын расмий сайтынан алууга болот.

MegaCom – дүйнө менен байланышта!

Сунушталган кызматтар

  • eSIM

    кызматы

  • NITRO

    кызматы

  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы