MegaCom жай аптабын кулач жая тосот
Өлкөнүн уюлдук байланыш лидери, Кыргызстандын бардык аймактарында радио байланыш жабдууларынын санын көбөйтүп, мобилдик байланыштын сапатын жакшыртып келет.
2013-жылы өлкө калкын 95 пайызга чейин камтууну шарттаган сапаттуу байланыш менен камсыздоо, базалык станциялардын санын, тармактын сыйымдуулугун жогорулатуу жана үчүнчү муун байланышын жайылтуу иш-аракеттери тууралуу азыноолак айта кетүү ашыкча болбостур.
Май айында MegaCom компаниясынын техникалык дирекциясы тарабынан Ысык-Көл облусундагы жабдууларды жакшыртуу иштери колго алынып, бул багыттагы алгылыктуу иш-аракеттер Чолпон-Ата шаарында, Кажы-Сай шаарчасында, Талды-Суу, Кош-Көл, Чок-Тал, Чоң-Сары-Ой, Бостери, Булан-Сөгөттү, Григорьевка, Кызыл-Суу, Сары-Ой, Тамчы, Кара-Ой, Семеновка айылдарында жүргүзүлгөн.
Үн байланышын өткөрүү каналын кеңейтүү максатында аткарылган жумуштардын негизинде Жалал-Абад облусунун Кара-Көл жана Кербен шаарларында, Көк-Таш, Кызыл-Жар, Бешик-Жон айылдарында; Ош облусунун Монок жана Куршаб айылдарында; Чүй облусунун – Кең-Булуң айылында байланыш сапатынын жогорулагандыгы байкалды.
Республиканын стратегиялык аймактарынын катарына кирген Баткен облусунун Кыштут, Таян, Чарбак айылдары, Нарын облусунун Куйбышев жана Миң-Булак айылдары да көз жаздымда калган жок.
2012-жылдын май айында 3.75G менен камтуу жана тармактын ишин жакшыртуу жумуштары Чүй облусунун Александровка, Романовка, Чат-Көл, Сокулук, Садовое айылдарын, Шопоков шаарында жана Кемин шаарчасын; Жалал-Абад облусунун Кызыл-Ураан жана Бешик-Жон айылдарын өз ичине камтыды.
MegaCom – дайыма байланышта!