Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы I Билим берүү Фестивалынын демөөрчүсү болду

MegaCom компаниясы I Билим берүү Фестивалынын демөөрчүсү болду

18, 19-май күндөрү миңдеген бишкектиктер жана борбор калаабыздын меймандары “Билим берүү Фестивалына” катышып, масштабдуу иш-чарага күбө болушту. Билим фестивалы эки күн бою ордо калаанын борбордук бөлүгүндө өтүп, билим берүүгө байланышкан мастер-класстар, тематикалык жолугушуулар уюштурулуп, билим берүү борборлору, мектептер жана мектепке чейинки мекемелер билим берүү чөйрөсүндөгү актуалдуу жана инновациялык тенденцияларды көрсөтө алышты. Оюн-зоок, концерттик программа менен коштолгон Билим фестивалынын расмий демөөрчүсү MegaCom уюлдук оператору болду.

MegaCom компаниясынын адистери фестивалга келгендерди корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында ишке ашырылып жаткан “Mega Билим” билим берүү долбоору менен тааныштырып, ак түстөгү жети компьютерден турган компьютердик класс үлгү катары көрсөтүлдү. Бүгүнкү күндө, өлкөбүздүн 7 дубанынын 119 орто мектеби, “Mega Билим” долбоорунун алкагында информатика сабагы боюнча теория менен практиканы айкалыштыра турган компьютерлер, атайын эмерек менен жабдылып жана Интернет тармагына чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушканын белгилей кетүүгө болот.

«Эмен паркындагы» сүрөтчүлөр союзунун ажайып галереясында «Жылдыздар балдарга окушат» классы ачылды. Иш -чаранын жүрүшүндө MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов жаш жеткинчектер менен жолугушуу өткөрдү. Башкы директор бөбөктөргө телефондун иштөөсү, интернет , 3D оюндар, радиотолкундар жана мобилдик байланыштын тарыхы тууралуу кызыктуу баян куруп берип, бул жолугушуу жаш жеткинчектерди кайдыгер калтырбагандыгы алардын кубанычтуу жүзүнөн сезилип турду. Андан соң кичинекей меймандарга түркүн түстөгү шарлар жана борлор таратылып, көп өтпөй бөбөктөрдүн колунан жаралган сүрөттөр айлананы өзгөчө көрккө бөлөдү.

Фестивалдын экинчи күнү жүздөгөн балдар жана алардын ата-энелери кикбоксинг боюнча өткөрүлгөн мастер-класстын күбөлөрү болушту. Мастер-классты MegaCom компаниясынын кызматкери – эл аралык класстагы спорт чебери, көптөгөн спорттук сыйлыктардын ээси Алексей Федосеев көрсөттү.

Бул иш-чарага демөөрчү болуу менен MegaCom компаниясы өсүп келе жаткан муундун келечегине кайдыгер карабай, өз салымын кошуп жаткандыгын дагы бир ирет далилдеди.



 

Сунушталган кызматтар

  • «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

    кызматы

  • «ЗОЖ»

    кызматы

  • «Ачык эсеп. Эскертүү чеги»

    кызматы

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы