MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер, байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды кубаттандыруу иштерине байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 16-майда төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндө убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Нарын облусунун Казыбек жана Калинин айылдары;
- Чүй облусунун Сокулук, Беловодское айылдары жана Шопоков шаарындагы Ленин көчөсү;
- Бишкек шаарынын 8-кичи районундагы Абдыкадыров көчөсү жана Кой-Таш кесилишинин аймагы камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы