Перейти на новый сайт

Билим –бакыт ачкычы

Билим –бакыт ачкычы

Келечек муундун сапаттуу билим алууусуна өз салымын кошкон MegaCom уюлдук оператору, корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында, MegaБилим долбоорун ийгиликтүү ишке ашырып келет.

Мектеп окуучуларынын илим-билимге болгон муктаждыгын камсыздоо үчүн, долбоорго катышкан элет жериндеги 143 мектептин 113ү учурда заманбап компьютерлер менен камсыздалып, окуучулар жаңы техниканын үзүрүн көрүшүүдө. Жалал-Абад облусунун Барпы айылындагы Токтосун Темирбаев атындагы мектеп-гимназиясында 700гө жакын окуучу билим алат. Компьютердик класстын салтанаттуу ачылышына MegaCom компаниясынын жетекчилиги, облустук жана райондук администрациянын өкүлдөрү мектеп мугалимдери катышты. Мектеп окуучуларынын жана мугалимдердин билдирүүсүндө уюлдук оператор тарабынан берилген компьютерлер, балдардын билим алуусуна шарт түзүп, айыл мектебинде интернеттин пайда болуусу, чоң жетишкендик болду.

Мыктыбек 11-класстын окуучусу: "Буга чейин компьютер менен шаарга барып пайдаланчубуз. Эми бизде өзүбүздө бар, ошондуктан кызыгып биз тез-тез кирип турабыз. Компьютердин жардамы менен көптөгөн окуу жайлар жана тесттер туурасында маалыматтарды алабыз, дүйнөлүк жаңылыктарды да ушул жерден алып өзүбузгө керектүү көп пайдалуу нерселерди алабыз".

Жыпара Шамшиева, Т.Темирбаев атындагы орто мектептин директору: "Келечекте олимпиадалардан жеңүүчүлөр, мыкты окуучулар чыгат деп биз мугалимдер аябай үмүттөнүп, кубанып атабыз. MegaCom компаниясына терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз".

        

Сунушталган кызматтар

  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы

  • Нумеролог

    кызматы

  • «MegaComдон SMS/PUSH-жөнөтмө»

    кызматы

  • «ЗОЖ»

    кызматы