Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясы тармактын сыйымдуулугун арттырууда

MegaCom компаниясы тармактын сыйымдуулугун арттырууда

MegaCom уюлдук оператору, жабдууларды жаңыртуу жана орнотуу жолу менен, Кыргызстандын алыс жайгашкан жана жүктөм абдан жыш болгон аймактарында радиотүйүн менен каптоону улантып келет.

Компания тарабынан колго алынып жаткан алгылыктуу иш-аракеттердин негизинде жергебиздин бир катар аймактарында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жогорулады. Алардын катарына:

  • • Бишкек шаарындагы Куруучулар Шаарчасы жана Лермонтов/Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
  • • Ош шаарында Шакиров/Исанов көчөлөрүнүн кесилиши, Кара-Суу жана Өзгөн шаарлары жана Кашгар-Кыштак, Мамажан, Коммунизм, Дароот-Коргон айылдары,
  • • Баткен облусунун Кара-Дөбө айылы;
  • • Чүй облусунун Токмок шаары жана Пригородное, Кызыл-Туу айылдары;
  • • Жалал-Абад облусунун Бүргөндү, Сузак, Таш-Булак айылдары;
  • • Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаары жана Кызыл-Суу айылы;
  • • Талас облусунун Кызыл-Адыр айылы жайгашкан аймактарды кошууга болот.
  • Өлкөнүн алдыңкы уюлдук оператору, буга чейин байланыш кызматтары жеткиликтүү болбогон алыскы аймактарда тармактын каптоосуна жана сыйымдуулугуна өзгөчө көңүл бөлүп келет. Бүгүнкү күндө, Ош облусунун Кичи-Бүлөлү, Кошулуш, Чоң-Бүлөлү айылдарында жаңы базалык станциялар курулган.

Ылдамдыгы секундасына 21 Мегабитке жеткен ыкчам мобилдик Интернет менен эми Чүй облусунун Полтавка, Ак-Суу, Беловодское, Беш-Өрүк, Кош-Дөбө, Маловодное, Петровка, Предтеченка, Садовое, Спартак, Сретенка, Телек, Жыламыш, Сокулук, Кировское айылдарынын жана Бишкек шаарындагы Куруучулар Шаарчасынын тургундары пайдалана алышат.

Абоненттерди сапаттуу жана туруктуу байланыш менен камсыздоо, компания адистеринин тынымсыз иш-аракеттеринин натыйжасында ишке ашып келүүдө.

Сунушталган кызматтар

  • Сервистик жана шашылыш кызматтар

    кызматы

  • «ЗОЖ»

    кызматы

  • MegaTV

    кызматы

  • «Мобилдик айлык акы»

    кызматы