Перейти на новый сайт

MegaФутбол: жылдыздар таймашы

MegaФутбол: жылдыздар таймашы

MegaCom уюлдук оператору, “Mega Футбол” спорт долбоорунун алкагында, ордо калаабыздын “Спартак” стадионунда Бишкек жана Ош шаарларынын жылдыздарынын катышуусундагы футбол таймашын өткөрдү. Компаниянын 7 жылдыгынын урматына өткөрүлгөн достук мелдешке катышкан бий топторунун өкүлдөрү, эстрада жылдыздары жана белгилүү өнөрпоздор спорттун аталган түрү боюнча өз жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүштү. Бул жолу жеңишти Бишкек командасынын жигиттери колдон чыгарышкан жок, алар Ош шаарынан келген сахналаш досторун 4-0 эсеби менен жеңип, “Mega Футбол” кубогунун ээси болушту.

Мелдештин жүрүшүндө Ош шаарынын командасы дагы мыкты оюн көрсөткөндүгү менен көрүүчүлөрдүн эсинде калды, өзүнүн шамдагайлыгы менен башкалардан айырмаланган Ош командасынын оюнчулары Максат Үсөнов мелдештин мыкты оюнчусу деп табылгандыгы, ал эми Айжигит Мараковго калыстар мыкты коргоочу деген наамды ыйгарылгандыгы алардын мыкты даярдыгынан кабар берет. Мелдештин мыкты чабуулчусу, Бишкек командасынын оюнчусу, атаандаштарынын дарбазасына эки жолу топ киргизген Заир Токторов болду. Non Stop дуэтинин ырчы жигити Максат Садырбеков үчүнчү голдун ээси болсо, төртүнчү голду Тамаshow долбоорунун жетекчиси Эрмек Нурбаев атаандаштарынын дарбазасына киргизди.

Өнөрпоз жигиттердин футбол талаасындагы өнөрүнө күбө болгон MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов компаниянын спорт тармагына болгон мамилесин баса көрсөтүү менен, футбол күйөрмандары менен өз таасирлери менен бөлүшө кетти: “MegaCom компаниясы спорт тармагын өнүктүрүүгө байланышкан социалдык долбоорунун алкагында, жаштарды спортту сүйүүгө үндөп, бир топ алгылыктуу саамалыктарды иш жүзүнө ашырып келет, алсак Баткен, Токмок шаарларында мини-футболдук талааны куруу, Талас шаарынын стадионун оңдоп-түзөөнү пландаштыруудабыз. 2011-жылы алдыңкы мобилдик оператордун каржылык көмөгү менен Каракол шаарында чакан футболдук талаа курулгандыгын белгилей кетүүгө болот.”

Эскерте кетсек, уюлдук оператор үстүбүздөгү жылдын аягына чейин “Mega Футбол” долбоорунун алкагында, мамлекеттик мекемелердин, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана журналисттер арасында футбол оюнун өткөрөт. MegaCom компаниясы – сергек мүнөздөгү жашоо, спорт, келечектеги чемпиондор үчүн!

Фоторепортаж

Сунушталган кызматтар

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы

  • «I’m OK»

    кызматы

    im OK 1
  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon
  • «Сенин номуруң» жана «Номурду брондоо»

    кызматы