Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясы байланыш кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт

MegaCom компаниясы байланыш кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт

Мобилдик оператор байланыш тармагынын кызматкерлери менен бирге эле, жалпы кыргызстандыктарды дагы радио жана байланыш Күнү менен куттуктайт. Мындан жүз жыл илгери, 1895-жылдын 7-майында, орус физиги жана электротехниги Александр Попов радиокабылдагычты жалпы коомчулукка жарыя кылган. Ошол убакыттан бери радио жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп келүүдө.

Өнүгүү жолун тандаган Байланыш тармагында күн сайын жаңы технологиялар ишке киргизилип, тармак заман талабына шайкеш өзгөрүп, көз ирмем сайын жаңыланууда. Байланышка болгон муктаждыгыбыз жана дайыма байланышта болууну каалагандыгыбыз гана туруктуу болуп келет! Кыргызстандыктарды сапаттуу байланыш менен гана эмес, мобилдик Интернет менен дагы камсыз кылуу MegaCom компаниясынын артыкчылыктуу милдеттеринен болуп саналат.

Майрамдык салтанатта байланыш кызматкерлери КРдин транспорт жана байланыш министрлигинин жогорку баасына татыктуу болушуп, ардак грамоталары менен сыйланышты. Алардын катарында кесиптештерибиз Марфина Ольга Николаевна, Беляева Ирина Николаевна, Шестаков Юрий Александрович, Шипулев Андрей Евгеньевичтин ысымдары дагы сыймык менен аталды.

                               

MegaCom компаниясы байланыш чөйрөсүнүн кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт! Сиздерге келечекке болгон ишенимди, үй-бүлөңүздөрдөгү бакубаттыкты жана бейпилдикти каалайбыз.

Урматтоо менен, MegaCom компаниясы

 

Сунушталган кызматтар

  • "Телефон кайда?"

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы