Перейти на новый сайт

MegaCom “Кийин төлөнүүчү роуминги” эми Скандинавия өлкөлөрүндө

MegaCom “Кийин төлөнүүчү роуминги” эми Скандинавия өлкөлөрүндө

MegaCom дүйнө жүзүндөгү мобилдик операторлордун дээрлик бардыгы менен өнөктөштүк мамилени өнүктүрүп келет. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн, Швециянын Hi3G Access AB жана Даниянын Hi3G Denmark Aps уюлдук операторлорунун тармактарында «Кийин төлөнүүчү Роуминг» кызматынын ишке киргизилгендигин белгилей кетүүгө болот.

MegaCom роуминги өз абоненттерине аралыкты көзгө илбестен ишкер өнөктөштөрү, достору, жакындары менен баарлашууга мүмкүнчүлүк түзөт. «Кийин төлөнүүчү Роуминг» кызматы аркылуу абоненттерибиз чет жерде жүргөн учурларында өз номуру менен суткасына 24 саат, жумасына 7 күн ыңгайлуу пайдалана алышат.

Алдыңкы уюлдук оператордун негизги максаты чет мамлекетке жөнөп жаткан жердештерин каражаттарын үнөмдөөнү шарттаган ыңгайлуу байланыш менен камсыз кылуу болуп саналат. Роуминг боюнча өнөктөш-операторлордун, өлкөлөрдүн тизмеси, кызматтардын тарифтери менен MegaComдун абоненттерди тейлөө жана сатуу Борборлорунан, кардарларды колдоо Кызматынын адистеринен *500 же 0555 500000 телефондору аркылуу жана дагы : www.megacom.kg расмий сайтынан таанышууга болот.

MegaCom роуминги- дүйнө жүзү менен дайыма байланышта болуу мүмкүнчүлүгү.

Сунушталган кызматтар

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы

  • «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо»

    кызматы

  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы