Bishkek Park СКБдагы сатуу жана тейлөө борборунун иштөө режиминин убактылуу өзгөрүшү
Урматтуу абоненттер, MegaCom компаниясы Bishkek Park соода-көңүл ачуучу борборунда жайгашкан Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборунун иштөө режиминин убактылуу өзгөрүшү жөнүндө маалымдайт. Бүгүн, 2013-жылдын 10-апрелинде, Түркия өлкөсүнүн премьер-министри Реджеп Тайип Эрдогандын катышуусу менен өтөт турган соода-көңүл ачуучу борборунун ачылышына байланыштуу Bishkek Park-дагы MegaCom СТБсы саат 15:00-дөн тарта өз кардарларын кабыл ала баштайт.
MegaCom тейлөө борборлорунда кызматтардын дээрлик бардык түрлөрү көрсөтүлөт: байланыш кызматтарын көрсөтүү боюнча келишим түзүү, өздүк эсебинин балансын толтуруу, чалуулардын тактоо баракчасын алуу, SIM-картаны калыбына келтирүү жана MegaCom компаниясынын кызматтары тууралуу толук маалыматка ээ болуу. MegaComдун тейлөө борборлорунун даректери менен бул жерден таанышууга болот.
MegaComдун тейлөө борборлору дайым чыдамсыздык менен сиздерди күтөт!