Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы «Улуу Жеңиш!» кайрымдуулук марафонунун башталгандыгы тууралуу маалымдайт.

MegaCom компаниясы «Улуу Жеңиш!» кайрымдуулук марафонунун башталгандыгы тууралуу маалымдайт.

2013-жылдын 25-мартынан тарта «Улуу Жеңиш!» кайрымдуулук SMS-марафону өз ишин баштады. Салтка айланган иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине колдоо көрсөтүү максатында уюштурулат. Жыл сайын өткөрүлүүчү акция 2013-жылдын 9-майына чейин созулат.

Ар бир мекенчил кыргызстандык бул маанилүү иш-чарага катышып өз мобилдик телефонунан 1945 кыска номуруна SMS жөнөтүү менен, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин колдоо үчүн өз эсебинен 30 сом которо алат. SMS жөнөтүүдө салыктардын бардык түрлөрүн эсепке алынат.

«Чогулган каражаттардын бардыгы, КРдин Коргоо Министрлигинин Мобилизациялык башкармалыгынын жардамы менен түзүлгөн тизмелерге ылайык, согуш ардагерлерине даректик материалдык жардам катары тапшырылат. Акциянын жыйынтыгы тууралуу компаниянын сайтынын акциялар тууралуу атайын бөлүгүндө жарыяланат», - деп билдирди корпоративдик коммуникациялар бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Мамытова.

Өткөн жылы MegaCom абоненттеринин 1945 кыска номуруна SMSжөнөтүүсү аркылуу 722 миң сомдон ашуун акча каражаты топтолгон. Абоненттерден чогулган каражаттар Даңк, “Кызыл жылдыз” Ордендеринин кавалерлери, Эрдик жана Күжүрмөндүк үчүн медалдарынын ээси болгон ардагерлерибизге бөлүнүп берилген. Өткөн жылдагы SMS-марафондун жыйынтыгы менен бул жерден тааныша аласыз

MegaCom компаниясы корпоративдик социалдык жоопкерчилик алкагында, туруктуу негизде, согуш ардагерлерине жана оорук эмгекчилерине колдоо көрсөтүп келет. Жыл сайын Жеңиш Күнүнүн урматына арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп жана жергебиздеги 1000 согуш ардагерине акча каражаттар бөлүнүп берилип турат.

MegaCom Мекенин коргогон баатырлардын каармандыгы менен сыймыктанат жана аларга таазим кылат

Сунушталган кызматтар

  • «Сени издейм»

    кызматы

  • «ЗОЖ»

    кызматы

  • more.tv онлайн-кинотеатры!

    кызматы

  • «Тыным»

    кызматы