MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер, байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды кубаттандыруу иштерине байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 8-февралда төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндөгү убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Чүй облусунун Ставропавловка, Чалдовар, Панфиловка айылдары, Кара-Балта шаарынын Кожомбердиев проспектиси, Шопоков жана Железнодорожная көчөлөрү;
- Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасындагы Үч-Коргон ГЭСинин башкармалыгы жана айыл башкармалыгынын маңдай тарабы;
- Бишкек шаарынын Октябрь районунун Койташ кесилиш жолу жайгашкан аймактар камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы