MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер, байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды кубаттандыруу иштерине байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 6-февралда төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндөгү убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Чүй облусунун Ставропавловка, Алтын, Чалдовар, Алексеевка, Панфиловка айылдары, Кара-Балта шаары жана Кайынды шаарчасы;
- Жалал-Абад облусунун Бажыкыр айылы, Шамалды-Сай шаарчасындагы Үч-Коргон ГЭСинин башкармалыгы жана айыл башкармалыгынын маңдай тарабы жайгашкан аймактар камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы