Перейти на новый сайт
Кикбоксчу Алексей Федосеев Дүйнөлүк оюндарга жолдомо алды

Кикбоксчу Алексей Федосеев Дүйнөлүк оюндарга жолдомо алды

Мекендешибиз Алексей Федосеев Индиянын Пуна шаарында 2012-жылдын 25-30-декабрында болуп өткөн Азия Чемпионатында жеңишке ээ болуп, күрөш чеберчилиги боюнча өтө турган бүткүл дүйнөлүк II-спорт оюндарына Кыргызстандын атынан катышуу укугуна ээ болду. Өз кызматкеринин эл аралык абройлуу мелдештерге катышуусуна MegaCom компаниясы байма-бай колдоо көрсөтүп келет. Кыргызстандын кикбоксинг, тай боксу жана ушу федерациясынын президенти Александр.

     

Воинов билдиргендей, мелдешке 24 мамлекеттен 200 мушкер катышкан. Таймаш Эл аралык Олимпиадалык Комитеттин калкасында өтүп, мыкты спортчулар тандалды. Алексей Федосеев 2013-жылы октябрь айында Санкт-Петербург шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк спорт оюндарда Кыргызстандын наамын коргоо үчүн ат салышууга белсенип турат.
2013-жылдын июнь айында спортчубуз Кореяда боло турган Азия оюндарына катышып, март айында Москва шаарында W5 версиясы боюнча өтө турган Чемпионатта мекенинин намысын коргомокчу.

MegaCom компаниясы үчүн Алексей Кыргызстандагы белгилүү мушкер гана эмес, мыкты кызматкер катары да таанымал. Компания өз кызматкери менен сыймыктанат жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерге катышуусуна өбөлгө түзүп келет. MegaComдун жамаатынын атынан Алексейге ийгилик каалап, алдына койгон максаттарына жетүүсүнө тилектешпиз”,- дейт өз сөзүндө компаниянын башкы директорунун милдетин аткаруучу Азат Базаркулов.

Маалымат: Алексей Федосеев – Кыргызстандын Эл аралык класстагы спорт чебери, 2008-жылкы профессионалдар арасындагы Европа чемпиону, 2010-2011 жж. Евразиянын чемпиону, кикбоксинг боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, куралсыз кармаш боюнча өлкөбүздүн төрт жолку чемпиону болгон. Гордеевдин жаркын элесине арналган самбо боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү, “Алтын илбирс” кубогунун ээси, 2011-жылы WBKF версиясы боюнча континенттер аралык чемпион, 2012-жылы WBKF жана W5 (К-1бөлүмү) версиясы боюнча дүйнө чемпиону.

Сунушталган кызматтар

  • Менталдык жардам

    кызматы

  • «Эл аралык байланыш»

    кызматы

  • Сервистик жана шашылыш кызматтар

    кызматы

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon