Перейти на новый сайт
MegaComдун байланыш тармагы жандуу жаңыланууда

MegaComдун байланыш тармагы жандуу жаңыланууда

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында гана өлкө боюнча 17 жаңы базалык станция ишке киргизилди. Ал эми жылдын аягына чейин дагы 30га жакын базалык станциялардын ачылышы пландаштырылууда.

Жаңы жабдуулар Кыргызстандын алыскы аймактарына жана байланыш жүктөмдөрүнүн кыл чокусу көп байкалган аймактарга орнотулат. MegaComдун техникалык адистеринин аракети менен байланыш сапаты Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында кыйла жакшыртылды. Жакында эле, жаңы жабдуулар өлкөнүн түштүк аймагындагы Таш-Булак, Кыргыз-Кыштак, Гава, Кара-Жыгач, Мундуз, Калмак-Кырчын, Ак-Тоок, Баймак, Күлүк-Дөбө жана Кербен айылдарында, Чүй облусунун Нижний Норус, Эркин-Сай, Западное, Беш-Өрүк, Ак-Башат жана Тельман айылдарында жана Нарын облусунун Лахол жана Туз айылдарында ийгиликтүү ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө, үчүнчү муун байланышы Талас, Нарын, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында активдүү киргизилүүдө.

“Компания тек гана үчүнчү муундагы байланыш менен камсыздалган аймактардын санын гана арттырбастан, байланыш сапатынын жогорулатылышына да басым жасайт. Маселен, Жалал-Абад облусунун Кара-Жыгач, Калмак-Кырчын, Баймак жана Нарын облусунун Туз айылдарынын тургундары биринчи жолу сапаттуу уюлдук байланыш кызматынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. MegaCom уюлдук оператору базалык станциялардын жалпы саны боюнча гана эмес, секундасына 21 мегабит ылдамдыктагы мобилдик интернет менен камсыздоо, кош каналдардан турган, үчүнчү муундагы станциялардын саны боюнча да өлкөдө алдыңкы орунду ээлейт”, - деп билдирди компаниянын радиопландаштыруу бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Курманбаев.

Компаниянын техникалык адистери, байланыш каптоосун кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн шарттоо максатында, базалык станцияларда жаңы жабдууларды орнотууда. Мындан улам тармакта убактылуу мүчүлүштүктөр болуп, байланыш начарлашы мүмкүн. Ошондуктан MegaCom компаниясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, абоненттер түшүнүү менен мамиле кылат деп ишенет.

Бүгүнкү күндө, MegaCom уюлдук операторунун 1270ден ашуун базалык станциясы Кыргызстандын бардык жети облусун байланыш кызматтары менен үзгүлтүксүз камсыздап жатат. Алардын саны да күн санап өсүүдө
 

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдик айлык акы»

    кызматы

  • «Сени издейм»

    кызматы

  • «Автотөлөм»

    кызматы

  • «Үн почтасы»

    кызматы