Перейти на новый сайт
Кыргызстанда Bishkek Startup Weekend 2012 өтөт

Кыргызстанда Bishkek Startup Weekend 2012 өтөт

9-11-ноябрь күндөрү Бишкекте алгачкы ирет Bishkek Startup Weekend иш-чарасы өтүп, өлкөнүн жигердүү жаштарын чогултат. Иш чаранын алкагында жаңыдан ишин баштаган ишкерлер өзүлөрүнүн бизнес идеяларын катышуучулардын назарына тартууламакчы. Ал эми сунушталган эң мыкты долбоорлор акча каражаты менен сыйланат.

Үч күндүк иш чаранын алкагында ар бир катышуучу бизнестин ар кыл багыты боюнча, Кыргызстан, Казакстан, Бириккен Араб Эмираттары жана АКШнын тажрыйбалуу эксперттеринин алым-сабактарына катышып, алардын жардамы менен өз бизнес-планын түзүү, жаңы инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн акмалашат. Иш-чаранын максаты ишкерлик долбоорлорун жаңыдан баштаган жарандарды базар менен тааныштыруу болуп эсептелет. Bishkek Startup Weekend Борбор Азиялык эркин базар институту тарабынан уюштурулуп, MegaCom компаниясынын колдоосу менен өтмөкчү.

“Жаштар – позитивдик инновациялык тажрыйбаны киргизүүгө, ийгиликтүү тендецияларды пайдаланууга, коомдун өнүгүүсүнө талап болгон интеллектуалдык активдүүлүккө жана мобилдүүлүккө ээ болушат. Ошондуктан, MegaCom компаниясы жаштардын таланттуу демилгелерине дайым колдоо көрсөтүп келет”, - деп белгиледи, компаниянын башкы директорунун милдетин аткаруучу Азат Базаркулов.

Бүгүнкү күндө, Startup Weekend дүйнөдөгү 67 өлкөнүн эки жүздөн ашуун шаарларын камтыган уникалдуу иш-чара. Анын көптөгөн катышуучулары өз бизнес долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырууда. 2011-жылы гана Startup Weekend долбоорлору 30 миллион доллардан ашуун каражат тарткан, натыйжада жүздөгөн бизнес-идеяларды ишке ашырууга мүмкүндүк берген. Толук маалыматты бул жерден аласыз.

Сунушталган кызматтар

  • «ЗОЖ»

    кызматы

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы

  • Нумеролог

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi

    кызматы