Перейти на новый сайт
Мекенден алыс жүргөндө да SIM-картаңызды калыбына келтире аласыз.

Мекенден алыс жүргөндө да SIM-картаңызды калыбына келтире аласыз.

Эми, саякат маалында же иш сапары учурунда SIM-картаңыз жоголуп же жараксыз болуп калса, MegaComдун «Роумингде SIM-картаны калыбына келтирүү» кызматынан пайдалана аласыз.

Казакстандын K’Cell операторунда роумингде болуп туруп, аталган кызматтын жардамы менен, номериңизди жана мурда кошулган кызматтарды сактап кала аласыз. Бул үчүн K’Cell операторунун Алматы шаарында төмөнкү даректер боюнча кеңселерине кайрыла аласыздар: Самал 2 кичирайонундагы №100-үй же Алимжанов көчөсүндөгү №51үй. SIM-картаны алмаштырууда паспорттун жаныңызда болушу талапка ылайык.

SIM-картанын жупнускасын активдештиргенден кийин бир нече мүнөттөн соң сиз байланыш кызматтарынан пайдалана баштайсыз. Тилекке каршы эски SIM-картадагы маалыматтарды калыбына келтирүүгө мүмкүн болбойт. Кызмат тууралуу www.megacom.kg сайтынан толугураак билүүгө болот.

Сунушталган кызматтар

  • "Телефон кайда?"

    кызматы

  • E-mail дарекке деталдоо

    кызматы

  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы

  • «Номурду аныктабоо +»

    кызматы