Перейти на новый сайт
Жалал-Абад областында компьютердик класстардын саны арбыды

Жалал-Абад областында компьютердик класстардын саны арбыды

Үстүбүздөгү жылдын күз айларында Жалал-Абад областынын Н.Орозалиев атындагы №3, Токтогул атындагы №24, Отунчу Ташкулов атындагы №20, Майлуу-Суу шаарынын №8, Н.Мамбетов атындагы №6, Темиркул Мавлянов атындагы №11 мектептери жаңы компьютердик класстар менен камсыздалды.

Ак түстөгү жети компьютерди жана атайын эмеректи өз ичине камтыган жабдуулар менен катар, USB-модем, SIM – карта, эркин программалык камсыздоо жана бир жылдык кепилдик тейлөө дагы каралган. «Mega Билим» долбоорунун алкагында өткөрүлүүчү информатика мугалимдеринин адистигин жогорулатууга багытталган 3-5 күндүк тренингдер салтуу түрдө өткөрүлүп келүүдө. Бүгүнкү күндө Талас, Нарын, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй дубандарына караштуу бир катар мектептер өз кезектерин күтүшүүдө.

MegaCom компаниясынын Кыргызстандын билим берүү тармагын колдоо демилгеси аймактардын жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө өз салымын кошуу программасынын алкагында ишке ашырылууда.

Сунушталган кызматтар

  • «Номер алмашуу»

    кызматы

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы

  • VoLTE

    кызматы