MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер! Байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды жакшыртуу жумуштарын жүргүзүүгө байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 6-ноябрда, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндөгү убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Ош областынын Араван районундагы РИИБ жайгашкан аймак жана Тепе-Коргон, Эски-Ноокат, Кочубаев айылдары;
- Нарын областынын Учкун жана Ак-Кудук айылдарынын аймактары камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы