MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер! Байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды жакшыртуу жумуштарын жүргүзүүгө байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 19--октябрда, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндөгү убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Нарын областынын Учкун айылынын;
- Ош областынын Эски-Ноокат айылынын жана Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн, Араван районунун;
- Чүй областынын Казан-Куйган, Спартак айылдарынын;
- Бишкек шаарынын П.Лумумба, Керамическая, Орозбеков, Малдыбаев, Киев көчөсүндөгү КРСУнун жана Тынчтык проспектисинин аймактары камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы