Перейти на новый сайт

MegaСom базалык станциясы менен жакындан тааныштырды

MegaСom базалык станциясы менен жакындан тааныштырды

2-октябрда MegaСom компаниясы басма сөз-экскурсиясын уюштуруп, борбор калаабыздын көп кабаттуу үйлөрүнүн биринин чатырында орнотулган өзүнүн базалык станциясынын мисалында заманбап жабдуулардын иштешин көрсөттү. ЖМК өкүлдөрү аталган жабдуулардын электрмагниттөө толкундарынын нурлануусун тестирлөөгө катышышты. Натыйжада анын деңгээли жабдуу орнотулган чатырда да, ошондой эле үйдүн айланасында жайгашкан балдар аянтчасында да, жол берилүүчү нормадан да он эсеге дейре төмөн экендиги анык болду.

Компаниянын техникалык адистери талап кылынуучу бардык коопсуздук нормаларын эсепке алуу менен курулган сигналды таратуучу станциянын иштөө принциптери тууралуу журналисттерге айтып беришти. Андан сырткары MegaСomдун 3,75 G мобилдик интернетинин ылдамдыгын да иш жүзүндө көрсөтүштү, ал белгилүү интернет-порталдардан видео-роликтерди 11,6 Мбайт/с ылдамдыгында карап көрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Үчүнчү муундагы 3,75 G байланышын камсыз кылуучу MegaСomдун мобилдик интернетинин колдонуучуларына жеткиликтүү болгон максималдуу ылдамдыгы 21 Мбит/с жетет.

"Бардык аймактарды камтууга жана ошол эле учурда байланыштын жогорку сапатын камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү тармактарды куруу- бул биздин адистерибиздин түйшүктүү иштери болуп саналат. Базалык станцияларды жайгаштыруу бир нече ирет ченөөлөрдү жана эсептөөлөр: ландшафты, тартылуучу абоненттердин саны, башка базалык станциялардын жана радио байланыш обьекттеринин орун алгандыгы эсепке алынгандан кийин гана жүргүзүлөт. Базалык станциялардын жайгаштырылуусу жана конфигурациясы байланыштын сапатын аныктоочу негизги факторлордон болуп саналат. MegaСom уюлдук операторунун сигналды таратуучу станцияларынын саны Бишкек шаарында эле жүздөп саналат, бул болсо өз кезегинде уюлдук телефондон болуучу радионурланууну минималдаштырат”-деп түшүндүрдү MegaСom компаниясынын редиопландаштыруу бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Курманбаев.

Бүткүл республика боюнча MegaСom компаниясынын маалыматтарды жогорку ылдамдыкта берүүчү тармагы өзүнө 1200дөн ашык базалык станцияны камтып турат, аларды модернизациялоо толук кандуу жүрүүдө. Андыктан алдыңкы катардагы уюлдук оператор өзүнүн абоненттерине төртүнчү муундагы байланыштан пайдаланууну да сунуштоосу ажеп эмес. Ошондой эле Нурлан Курманбаев компания базалык станциялар тармагын пландуу түрдө кеңейтүү менен сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө жетишип, ыкчам өнүгүүсүн улантып жаткандыгын белгиледи.

Сунушталган кызматтар

  • «Mega USSD»

    кызматы

  • «Толукта жана утуп ал» викторинасы

    кызматы

  • VoLTE

    кызматы

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы