Перейти на новый сайт

“MegaNet'ти тандайм” интернет-конкурсу жыйынтыкталды

“MegaNet'ти тандайм” интернет-конкурсу жыйынтыкталды

MegaCom уюлдук операторунун социалдык тармактарындагы расмий баракчаларында, 2012-жылдын 3-сентябрынан 12-сентябрына чейин өткөрүлгөн кезектеги конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды. Бул жолу “Мен MegaNet’ти тандайм” аттуу конкурсу, абоненттер көптөн күткөн “Чексиз интернет” жаңы тарифтик опциянын чыгышына арналган.

Конкурстун шартына ылайык кыргызстандыктар сүрөттөр, блогдордогу билдирмелер, видео, ар-кыл флешмобдорду өткөрүү жана башка интерактивдүү жолдор аркылуу эмне себептен MegaCom’дун интернети менен пайдаланышаарын көрсөтүүсү керек эле. Мындай конкурстар компаниянын интернеттеги расмий баракчаларында байма-бай өткөрүлүп келет. Өз абоненттеринин каалоолорун жана муктаждыгын эске алып, алар менен тыгыз байланыш түзүү уюлдук оператор үчүн чоң мааниге ээ. Бул багытта социалдык тармактарынын таасири эбегейсиз зор.

“Кардарлардын каалоолорун жана муктаждыгын билүү биз үчүн абдан маанилүү. Социалдык тармактар аркылуу биз абоненттерге жакын болобуз жана алар бизди таанышат. Расмий баракчалар аркылуу алардын каалоолору менен таанышып, дайым талдоо жүргүзөбүз. Социалдык тармактар сын-пикир алуунун ыңгайлуу көпүрөсү болуп эсептелет. Абоненттердин шеринелерге жазылган пикирлери компаниянын адистери тарабынан жаңы кызматтарды чыгарууда эске алынат”, - деп белгиледи, корпоративдик байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Мамытова.

Төмөнкү интернет-пайдалануучулар “Мен MegaNet’ти тандайм” конкурсунун жеңичүүлөрү болуп табылган:

• Мыкты жарыя үчүн Guncha Rejepova колдонуучусу USB-модем + 5 Гб интернет-топтомун камтыган сим-карта + Dr.Web тастыкталган антивирусунун кичи-диски жана активдештирүү кодун камтыган скретч-карта менен сыйланды;

• Мыкты демотиватор үчүн Жоо Март колдонуучусу USB-модем + 5 Гб интернет-топтомун камтыган сим-карта + Dr.Web тастыкталган антивирусунун кичи-диски жана активдештирүү кодун камтыган скретч-карта менен сыйланды;

• Мыкты твит үчүн Кутман Табалдиев колдонуучусу кол саат + “Ыкчам интернет” тарифтик планын камтыган сим-карта жана “300 Мб белекке” топтому менен сыйланды;

• Мыкты ыр саптары үчүн Гайсаров Вали жана Symbat Turganova колдонуучулары флеш-карта + футболка менен сыйланды;

Конкурстун катышуучуларынын эмгектери менен социалдык тармактардагы компаниянын расмий баракчаларында таанышууга болот: facebook, twitter.

MegaCom уюлдук оператору үчүн ар бир абонент маанилүү.
 

Сунушталган кызматтар

  • Постоплатный Интернет-роуминг

    кызматы

  • Менталдык жардам

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү Интернет роуминг»

    кызматы

  • «Спорт порталы»

    кызматы