MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер! Байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды жакшыртуу жумуштарын жүргүзүүгө байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 22-августта , төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндөгү убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Жалал-Абад областынын Ырыс айыл өкмөтүнүн аймагы, Таш-Булак, Сузак айылдары жана Сузак шаары;
- Ош шаарындагы аэропорттун аймагы;
- Чүй областынын Ак-Бешим, Сосновка, Ак-Бекет айылдары жайгашкан аймактар камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы