Перейти на новый сайт

MegaCom мамлекетке дивиденд катары 541 миллион сом чегерүүдө

MegaCom мамлекетке дивиденд катары 541 миллион сом чегерүүдө

Бул тууралуу үстүбүздөгү жылдын 27-июлунда “Альфа Телеком” ЖАКта (MegaCom соода белгиси) өткөрүлгөн акционерлердин жылдык жыйынында талкууланып, 2011-жылдагы бөлүштүрүлбөгөн пайданын жарымын дивиденд катары өлкө казынасына которуу чечими кабыл алынган.

Жарыяланган дивиденддердин 49 пайызы, тагыраак айтканда 541,3 миллион сом өлкөнүн бюджетин колдоого багытталмакчы. Ал эми калган 51 пайызы сот органдары тарабынан “Альфа Телеком” ЖАКнын 51 пайызына мыйзамдуу ээлерин аныктаганга чейин компаниянын эсебинде сакталат.

Бүгүнкү күндө, Кыргыз өкмөтү уюлдук компаниянын 49 пайызына ээлик кылат.

MegaCom компаниясынын басма сөз кызматы

Сунушталган кызматтар

  • VoLTE

    кызматы

  • «Сиздин төлөм»

    кызматы

  • «Роуминг»

    кызматы

  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы