Перейти на новый сайт
Абоненттер үчүн расмий билдирүү

Абоненттер үчүн расмий билдирүү

«Кыргызтелеком» ААКы маалымдагандай, 2012 – жылдын 17-июлунан тарта Өзбекистан Республикасынын көзөмөл органдары тарабынан республиканын жалпы аймагы боюнча «Уздунробита» уюлдук операторунун лицензиясынын иш-аракети токтотулган. Ушуга байланыштуу, баардык уюлдук операторлордун абоненттери чалууну аткаруу, смс жөнөтүү жана дагы FE Uzdunrobita (МТС Өзбекистан) уюлдук операторунун тармагында төмөнкү коддор боюнча роуминг кызматынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашат: 998-61, 998-62, 998-65, 998-66, 998-67, 998-69, 998-70, 998-73, 998-74, 998-75, 998-76, 998-79, 998-92, 998-97.

Кечээ, 17- июлда, саат 18.00дө "Уздунробита" операторунун лицензиясы 10 күнгө өз күчүн жоготту. Өзбекстандын байланыш жана маалымат агенттигинин (ӨзБМА) билдирүүсүндө айтылгандай, бул жагдай көзөмөл органынын эскертүүлөрүнүн аткарылбагандыгынан жана бир нече ирет кайталанган одоно тартип бузуулардын негизинде келип чыккан. Бүгүнкү күндө 9,5 млн абонент байланыш кызматынан пайдалана албай калды.

COMNEWS күндөлүк интернет-гезитинин маалыматына ылайык, Өзбекстандын байланыш жана маалымат агенттигинин (ӨзБМА) пресс-катчысы Элбек Далимов, Өзбекстан Республикасынын мыйзамына ылайык тартип бузуулар четтетилгенден кийин лицензия кайрадан күчүнө кире тургандыгын белгилей кеткен.
 

Сунушталган кызматтар

  • Менталдык жардам

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү Интернет роуминг»

    кызматы

  • Постоплатный Интернет-роуминг

    кызматы

  • «Тыным»

    кызматы