MegaCom “Күмүш” номери арзандатылган баада
Сандардын жагымдуу айкалышынан турган номерлер өзгөчө бааланат. Абоненттердин ар бири ишмердүүлүк жүргүзгөн чөйрөсүнөн көзкарандысыз, мындай категориядагы номердин ээси болгусу келет. Кооз номерлер-компаниянын бедели, байланыш маалыматтарын ылдам жаттоо, сандардын көркөм айкалышынан турган номер менен олуттуу визиткалар. MegaCom компаниясы өз абоненттерине белек катары “күмүш” номерди эки эсе арзан баада сунуштады.
20- июндан 1- августка чейин ар бир абонент акцияга катыша алат. Белгиленген убакыт ичинде кооз ”күмүш” номерди 50% арзандатуу менен сатып аласыз. Акция бир айдан ашык убакытка созулуп өлкө ичиндеги сатуу жана тейлөө борборлорун, Ош жана Жалал-Абад областтарындагы экспресс-борборлорду камтыйт. Акция компаниянын жеке абоненттери үчүн гана күчүндө.
Акцияга катышууну кааласаңыз же Сизди кызыктырган суроолор боюнча маалымат алгыңыз келсе MegaCom express-борборлорундагы (МЭБ) жана республика боюнча абоненттерди тейлөө жана сатуу борборлорундагы (СТБ) өз ишин мыкты билген адистерге кайрылыңыздар. Өлкөнүн алдыңкы уюлдук операторунун жогоруда аталган борборлорунда: кеп-кеңеш берүүдөн баштап, балансты комиссиясыз толтуруу, SIM-картаны калыбына келтирүү жана «Роуминг» кызматын кошууга чейинки кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири түрлөрү көрсөтүлүүдө.
Акцияга катышыңыз жана өзгөчө номердин ээси болуңуз.