Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы «Ийгилик маалы» акциясынын жеңүүчүлөрүн куттуктоодо

MegaCom компаниясы «Ийгилик маалы» акциясынын жеңүүчүлөрүн куттуктоодо

Компания «Ийгилик маалы» акциясынын жыйынтыгын чыгарууда. Жеңүүчүлөрдү сыйлоого байланышкан салтанат аземинде, MegaCom, эң жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен дилерлерди кызыктыруучу белектер менен сыйлады. Акцияга WEB-кассалар аркылуу төлөмдөрдү кабыл алган, алдын-ала төлөм карталарын, SIM-карталарды сатууну жүргүзгөн бардык дилерлер катышууга мүмкүнчүлүк алышкан. Акцияга, республика боюнча, баардыгы болуп 20 дилер катышты.

Долбоордун жыйынтыгында мыктылардын мыктысы тандалып, 5 дилер ушул күндөрү Украинада жана Польшада өтүп жаткан футбол боюнча Европа Чемпионатына жолдомого ээ болушту. Калган өнөктөштөр баалуу сыйлыктарга жана MegaCom компаниясынын тастыктамалары менен USB-модемдерге ээ болушту.

Байланыш оператору, сапаттуу тейлөө жана мобилдик байланыш кызматтарын көрсөтүү менен катар эле, өлкө боюнча компаниянын өкүлчүлүктөрүн өнүктүрүүгө олуттуу көңүл бурат. Бүгүнкү күндө MegaCom дистрибьютердик түйүнү 7000ден ашуун сатуу пунктун, 19 ири сатуу борборун, 2012-жылдын аягына чейин санын 45ке жеткирүү пландаштырылып жаткан 11 брендделген MegaCom express-борборун өз ичине камтыйт. MegaCom кызмат көрсөтүүлөрдүн түрүн, туруктуу байланышты, тунук жана ыңгайлуу тарифтерди сунуштайт.

Компания, кардарлардын каалоо-тилектерин эске алуу менен, жаңы кызматтарды жана сунуштарды үзгүлтүксүз түрдө жайылтып турат. MegaCom бизнести башкаруунун заманбап стандарттарына шайкеш иш жүргүзөт. Компания тармакты кеңейтүүнү, техникалык жактан өнүктүрүүнү жана оптимизациялоону тынымсыз жүргүзүүдө.
 

Сунушталган кызматтар

  • SMS-жөнөтмөдөн баш тартуу

    кызматы

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы

  • «Тыным»

    кызматы