Перейти на новый сайт

MegaCom 3,5G тармагынын каптоо аймагын кеңейтүүдө

MegaCom 3,5G тармагынын каптоо аймагын кеңейтүүдө

Пландаштырылган иштерге ылайык, MegaCom 3,5G тармагы каптаган калктуу пункттардын санын көбөйтүп жатат. Эми үчүнчү муун байланышы Бишкек ш., Кант ш., Токмок ш. жана дагы Чүй аймагынын : Мраморное, Октябрьское, Озерное, Жаңы-Пахта, Жаңы-Жер, Нижневосточное, Гроздь, Молдовановка, Төмөнкү Ала-Арча, Көк-Жар, Беш-Күңгөй, Таш-Дөбө, Селекция, Военно-Антоновка, Новопавловка, Пригородное, Лебединовка, Новопокровка, Киргшелк, Ленинское, Константиновка, Молдовановка, Аламүдүн, Жал, Күнтуу, Кызыл-Туу, Ак-Жол, Манас, Восток, Кой-Таш, Алмалуу, Ысык-Ата, Карагай-Булак, Серофимовка, Ала-Тоо совхозу, Юрьевка, Первомайское, Интернациональное, Жээк, Ивановка станциясы, Дмитриевка, Бирдик, Кеңеш, Красная Речка, Ивановка шаарчасы, Кең-Булуң, Чолпон, Советское, Дөң-Арык, Ак- Бешим айылдарында жеткиликтүү.

MegaCom уюлдук оператору 2012-жылдын аягына чейин 3,5G тармагы менен республиканын баардык аймактарын камтуу боюнча натыйжалуу иш алып барууда. Базалык станцияларды жаңыртуу график боюнча жана күн сайын жүргүзүлүп жаткандыктан, абоненттер үчүн байланыш сапатынын начарлашына алып келүүсү мүмкүн. Мындай жагдайды эске алуу менен, Компания ММК жана даректик SMS –билдирүү аркылуу абоненттерге алдын ала эскертүүлөрдү жасайт.

Мындан тышкары, компания уюлдук байланыш менен камтылбаган аймактарга өзгөчө көңүл буруп, базалык станцияларды орнотууга жигердүү киришүүдө. Жаңы телекоммуникациялык жабдуунун артыкчылыгы (ZTE) баардык базалык станциялардын бир эле учурда мобилдик байланыштын жана ыкчам интернеттин дүйнөсүнө өтүү мүмкүнчүлүгү.

Жаңы жабдуу үчүнчү муун байланышын колдоону гана камсыз кылбастан, келечекте төртүнчү муун байланышын (LTE) киргизүүгө дагы ылайыкташтырылган.

 

Сунушталган кызматтар

  • MegaKassa

    кызматы

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы

  • «Мобилдик айлык акы»

    кызматы

  • «Ата-Эне көзөмөлү»

    кызматы