Перейти на новый сайт

MegaCom айрым мектептерге окуу куралдарын белек кылды

MegaCom айрым мектептерге окуу куралдарын белек кылды

MegaCom компаниясынын башкы директору Азамат Мурзалиев, 22- ноябрь күнү, Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын райондук билим берүү бөлүмүндө, беш мектеп директорлоруна 6-7- класстар үчүн орто кылым тарыхы, 6-11- класстар үчүн кыргыз тили, жогорку класстар үчүн кошумча көркөм адабият боюнча 800 нускадагы китептерди тапшырды.

4,5 миң доллар турган окуу китептери «Альфа Телеком» ЖАКнун Башкы директорунун корунун эсебинен алынган. Бул китептерди эми Панфилов, Комсомол, Военно-Антоновка, Нижне-Чүй орто мектептери жана Сокулуктагы сүйлөө дефектилери бар балдар интернат-мектеби колдоно алат.

«Учурда Кыргызстандагы мектептердин болгону 60% окуу китептери менен камсыздалган, бул келечектеги профессионалдардын билимине таасир берүүсү мүмкүн.  Биздин өлкөбүздөгү жаңы муундун сапаттуу билим алуусуна салым кошуу менен, биз өзүбүздүн келечекке салым кылуудабыз», - деп MegaComдун башкы директору Азамат Мурзалиев китептерди тапшырып жатып билдирди.

MegaCom уюлдук оператору өлкөдөгү билим өнүктүрүү долборлорун колдоого өзгөчө маани берет. 2011-жылдын сентябрында  «Mega Билим» аттуу өзүнүн социалдык  долбоорун ишке киргизди, бул долбоордун негизги максаты Республикадагы алыскы аймактардагы мектептерди компьютерлер менен жабдып, андан соң «АлиппеTV» билим берүүчү интерактивдүү долбоору менен алакалашуу болуп саналат.

MegaCom – өлкөнүн келечеги үчүн кам көрөт!

Сунушталган кызматтар

  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы

  • «Ата-Эне көзөмөлү»

    кызматы

  • «Mega24» мобилдик тиркеме

    кызматы

  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы