Перейти на новый сайт
MegaCom студенттерди майрамы менен куттуктайт.

MegaCom студенттерди майрамы менен куттуктайт.

MegaCom компаниясы Кыргызстандын окуу жайларынын студенттерин  студенттердин эл аралык күнү менен куттуктайт.

Бул майрам жыл сайын 17-ноябрда биздин өлкөдө жана бүткүл дүйнө жүзүндө белгиленет. Бул дата 1946-жылы студенттердин бүткүл дүйнөлүк конгрессинде чех патриот- студенттерин эскерүү максатында кабыл алынган. MegaCom компаниясы  баардык студенттерге чыдамкайлыкты, эмгекти сүйүүнү  жана  жеңил сессияларды каалайт. Бүгүнкү күндө ээ болгон сапаттуу билими жана жөндөмдүүлүктөрү, эртеңки күнү алардын өз ишинин мыкты адиси болууга жана республиканын  өнүгүшүнө, гүлдөп-өсүшүнө салым кошуусуна түрткү берет.

Студенттердин Эл аралык күнүнө карата MegaCom уюлдук оператору абоненттерге ыңгайлуу баалары менен тарификациялоонун  максималдуу ачык шарттары бар жаңы  “Тунук” тарифтик планын сунуш кылат. Ыңгайлуу “Тунук” тарифтик  планына  өтүү  үчүн *303*24*1"# чакыруу кыска командасын басуу  керек. Өтүү наркы - 90сом. MegaCom компаниясы сунуштаган тарифтик планда түйүн ичиндеги бир мүнөт сүйлөшүүнүн жана бир SMS – билдирменин акысы   0,95 тыйын , ал эми башка уюлдук операторлордун абоненттери менен бир мүнөттүк сүйлөшүү жана 1 Mb Интернет трафиктин акысы болгону 2сом 95 тыйынды түзөт.

Андан тышкары, Жаңы жылга карата MegaCom компаниясы ар бир кошулган абонентке бонустар топтомун белек кылат. Бонустар топтомуна акысыз 100 мүнөт,100 SMS жана 100 Mb Интернет трафиги  кирет. Акысыз мүнөттөр жана SMSтер  MegaCom тармагынын түйүнүнүн ичинде гана берилет. Бонустар кошулуу учурунда активдештирилет жана тарифтик планды алмаштыруу 2012-жылдын 1-февралына чейин жүргүзүлөт.

Сунушталган кызматтар

  • Конференц-байланыш

    кызматы

  • «Кара тизме»

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?»

    кызматы