Перейти на новый сайт

MegaComго 2,5 миллионунчу абонент кошулду

MegaComго 2,5 миллионунчу абонент кошулду
 
MegaCom компаниясына 2 500 000чи абонент кошулду, демек өлкөбүздүн ар бир экинчи тургуну MegaComду өзүнүн уюлдук оператору катары тандаган.

15-ноябрда, Бишкектеги Vefa соода борборунда MegaCom компаниясынын 2,5 миллионунчу  абонентине сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү. Мегакомдун бул жолку эң бактылуу абоненти болуп Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Талантбек Байматов табылды.
 
MegaCom компаниясынын башкы директору Азамат Мурзалиев Талантбек Байматовду куттуктап, эки аптага Бириккен Араб Эмиратына барууга эки адамга жолдомо, кымбат баалуу платина номерин жана түйүн ичиндеги эки жарым миллион секунд акысыз чалуу мүмкүнчүлүгүн белек кылды.

Мегаком компаниясынын бул жолку сыйлуу конокторун куттуктоо жана уюлдук байланыш компаниясынын абоненттеринин көңүлүн ачуу максатында кызыктуу программалар даярдалган. Талантуу чыгармачыл топтун өнөрлөрү жана белгилүү эстрада ырчыларынын мукамдуу ырлары жаңырды.

Салтанат учурунда MegaCom компаниясы абоненттердин назарына жаңы жана ыңгайлуу «Тунук» тарифтик планын сунуштады.

MegaCom – биздин саныбыз  2 500 000!

Сунушталган кызматтар

  • «I’m OK»

    кызматы

    im OK 1
  • "Телефон кайда?"

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi

    кызматы

  • «Номурду аныктабоо +»

    кызматы