Перейти на новый сайт

Терең ыраазычылык билдирүү менен


Терең ыраазычылык билдирүү менен

MegaCom компаниясы апрель айындагы окуяларды Кыргызстандыктардын өмүрүн сактап калган медицина кызматкерлерине 250 миң сомго гуманитардык жардам көрсөттү.

2010-жылдын 23-апрелинде MegaCom компаниясынын жетекчилигинин Улуттук хирургия борборунун, Медициналык тез жардам станциясынын дарыгерлери жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен жолугуусу болуп өттү.

«Ушундай коогалаң күндөрү эрктүү, тынымсыз жана эс алуусуз өз милдеттерин аткарган медициналык мекемелерге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз - деп баштады өз сөзүн Андрей Силич дарыгерлердин алдында. – Медицина кызматкерлери адам ден соолугун коргоо, сактоо үчүн бирдиктүү фронт болуп топтолуп, өздөрүнүн ыйык милдетин аткарууда көөнөргүс тарбия көрсөтүштү. Өз ыраазычылыгыбыз катары Борборго жана Медициналык тез жардам станциясына колдоо көрсөтүп жаткандыгыбыз үчүн кубанычтабыз. Өлкөдө өз ишин сүйгөн жана өз иши менен сыймыктанган кесипкөй адамдар эмгектенип жаткандыгы бизди келечек муун, ден соолугубуз үчүн ойго салбайт», -деп белгиледи MegaCom түйүнүнүн башкы директору.

Компаниянын атынан Медициналык тез жардам станциясына талап кылынган тономерлер, Борбордун кызматкерлерине – хирургиялык атайы кийим, апрель айындагы окуялардан жабыр тарткандарга зарыл болгон, кымбат баалуу дары-дармектер берилди. Андрей Силич 7 апрелдеги окуяларга катышкан, Улуттук хирургия борборунда дарыланып жаткан орулууларга жеке өзү жолугуп, азык-түлүк түрмөгүнөн турган топтомду тапшырды.

Улуттук хирургия борборунун директору Мамбет Мамакеев жана Медициналык тез жардам станциясынын башкы дарыгери Гульнара Ташибекова колдоо көрсөтүшкөндүгү үчүн компанияга ыраазычылык билдиришти. Алар жабыр тарткандар үчүн берилген дары-дармектер, дарыгерлер үчүн берилген кийим жана жабдуулар учурда эң зарыл болуп тургандыгын билдиришти. Орулууларга жолугушуу учурунда алардын бирөөсү апрель окуялары учурунда телефонун жоготуп жибергендигин билдирип, номерин калыбына келтирүүгө мүмкүнбү деген суроо менен Андрей Силичке кайрылды. Андан бир сат өтпөй компаниянын кызматкерлери калыбына келтирилген номери менен SIM-картаны алып келип тапшырышты.

Учурда MegaCom компаниясы апрель айындагы эл толкунунда жарадарларга жардам көрсөтүүгө активдүү катышкан медициналык кызматкерлердин телефондорун чогултуп жаткан кези. Борбор шаарыбыздын, Чүй жана Талас областтарынын он жети ооруканасынын, ошондой эле тез жардам бригадаларынын дарыгеринин, фельдшеринин жана мээрмандарынын ичинен эки миң эки жүз жетимиш эки адамы келерки аптанын башталышында өз номерлерине акысыз минуталар топтомун алышат.

MegaCom компаниясынын кайрымдуулук иши жөнүндө

MegaCom, коомчулук алдында өз жоопкерчилигин түшүнүү менен калктын начар камсыз болгон катмарына колдоо көрсөтүүгө олуттуу салымын кошуп келүүдө. Кайрымдуулук жана социалдык ишкердүүлүк системалуу мүнөзгө ээ жана корпоративдик стратегиянын бир бөлүгүн түзүү менен компаниянын баалуулугун чагылдырат. Компаниянын колдоосу алдында «Нурмээайса» үй-бүлө түрүндөгү балдар үйү жана беш коомдук уюм турат: «Однополчане», Ленинград блокадниктеринин кыргыз коому, «Кайрымдуулук күчтөр бирлиги », ОЗИВ жана «Кыргыз Республикасынын ардагерлери жана майыптары. Компания туруктуу негизде жеке жана юридикалык жактардын билдирмелерин колдоого алып, билим берүү, маданият жана спорт тармагындагы долбоорлорго демөөрчүлүк кылып келет. Корпоративдик социалдык ишкердик алкагында MegaCom өзгөчө көңүлдү саламаттыкты сактоо маселелери буруп келүүдө.

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы