Абоненттерине ыңгайлуу болушу үчүн, MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору MegaPay мобилдик тиркемесин колдонуунун шарттарын жакшыртып келет.
Маселен, Компания MegaPay тиркемесинде Optima Bank'тын бардык кызматтары үчүн алынуучу комиссияны жойду. Эми сиз Optima Bank карталарын жана эсептерин MegaPay аркылуу акысыз толуктай аласыз. Болгону экранды бир нече жолу басуу жетиштүү.
Төлөмдөрдү жүргүзүү:
- MegaPay тиркемесин ачыңыз (App Store жана Google Play'де жүктөп алууга болот);
- «Төлөмдөр» бөлүмчөсүнө өтүңүз;
- «Банк кызматтарын» басыңыз;
- Optima Bank кызматтарынын ичинен керектүүсүн тандаңыз;
- маалымдаректи жана төлөм суммасын киргизиңиз.
Даяр!
MegaPay — жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!