Перейти на новый сайт
MegaPay′ден социалдык акция: жол кирени 11 сом өлчөмүндө – мурдагы баада төлөңүз

Бүгүнкү күндөн тарта Бишкектин муниципалдык транспортунда жаңы тарифтер киргизилди. Автобустарда жана троллейбустарда жол кире  накталай эмес төлөм менен 17 сом, накталай төлөөдө 20 сом болду.

MEGA  мамлекеттик уюлдук байланыш оператору жарандарды колдоо боюнча социалдык долбоорду ишке киргизип, борбор калаабыздын жашоочуларына жол киресин үнөмдөө мүмкүнчүлүгүн тартуулады.  Тактап айтканда, MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу төлөм жүргузүүдө,  муниципалдык транспортто жүрүү мурдагыдай эле 11 сом болот! Жол кирени MegaPay аркылуу  төлөө ─ бул бонустар түрүндө акчаны кайтаруу менен байланышпаган, реалдуу акчаны ушул жерде жана азыр үнөмдөө мүмкүнчүлүгү.

Акция 2024-жылдын 30-январынан 10-мартына чейин аракетте болот.

Ыңгайлуу сунушту кантип колдонууга болот? Бул абдан оңой:

  • MegaPay тиркемесин жүктөп алуу же жаңылоо (App Store′дон жана  Google Play′ден жүктөп алууга болот);
  • “Сканер” баскычын тандап, “TulparQR” аркылуу сканерлөө;
  • төлөмдү тастыктоо.

Даяр!

Эскерте кетсек, QR-коддору менен чаптамалар муниципалдык транспорттун сыртында да, салонунда да жайгаштырылат. «Тулпар» картасын MegaPay аркылуу кантип толуктоого болот? Маалыматты  бул жерден окуңуз.

 MegaPay – жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы