Перейти на новый сайт

MEGA Чүй облусунда жаңы базалык станцияларды ишке киргизди

Уюлдук байланыш кызматтарына жана жогорку ылдамдыктагы интернетке болгон суроо-талаптын өсүп жаткандыгын эске алуу менен, MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору түйүнүн активдүү өнүктүрүүнү жана камтуу аймагын кеңейтүүнү улантууда.

25-октябрда MEGA компаниясы Чүй облусунун Москва районундагы Чоң-Арык жана Панфилов районундагы Панфилов айылдарында эки жаңы базалык станцияны ишке киргизди. Аткарылган техникалык жумуштар сигналдын сапатын жакшыртууга жана 2G/3G/4G түйүндөрүнүн өткөрүү жөндөмдүүлүгүн  жогорулатууга өбөлгө түздү.

MEGA дүйнөлүк алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн маалыматтык чечимдеринин негизинде өзүнүн техникалык тармагын өркүндөтүүгө каражат жумшап келет.

Түйүндүн камтуу аймагы жөнүндө маалыматты  MEGA расмий веб-сайтындагы Интерактивдүү камтуу картасынын жардамы менен онлайн- режимде билүүгө болот. Анын жардамы менен  базалык станциялардын сигналынын деңгээлин көзөмөлдөп, ошондой эле Кыргызстан боюнча 2G, 3G жана жогорку ылдамдыктагы 4G каптоо аймактары тууралуу маалыматты көрө аласыз.

Мындан тышкары, байланыш менен камсыздоо зарыл болгон калктуу конуштар боюнча сунуштарды  *500 (Байланыш борбору), WhatsApp +996 999 500 000 номерлери же Telegram аркылуу  жөнөтсөңүздөр болот.

MEGA − Кыргызстандын калкынын 99%дан ашыгын байланыш менен камсыздап келе жаткан жана 4G/3G/2G түйүнү менен камтуу боюнча алдыңкы сапта келе жаткан оператор

Сунушталган кызматтар

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы