Перейти на новый сайт
MEGA өз командасына жигердүү жаш адистерди чакырат

Карьераңызды өлкөнүн ири компаниясынын биринде баштагыңыз келеби?

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Сизге мындай мүмкүнчүлүктү тартуулайт. Кыргызстандын телекоммуникация боюнча алдыңкы компаниясы өз командасына жаш, таланттуу жана жигердүү адистерди издөөдө.

Сизге төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:

  • Окутуу жана карьералык өсүш;
  • Туруктуу жана татыктуу эмгек акы;
  • Кызыктуу жана перспективдүү иш-орун.

Биз ар дайым кызматкерлерибизге кам көрүп келебиз. Себиби адамдар – биздин негизги инвестициябыз! Биздин ар бир кызматкерибиз  социалдык жактан корголгон, ошондой эле компаниянын ичинде кесиптик жана өзүн-өзү өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү каралган. Эгерде сиз жоопкерчиликтүү, демилгелүү жана максатка умтулган адис болсоңуз, анда бул жумуш сиз үчүн!

Резюмени сиз каалаган кызмат ордун көрсөтүү менен hr@megacom.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз. Бош жумуш орундар тизмеси, талаптар жана функционалдык милдеттер менен MEGA расмий сайтынан таанышууга болот.

Кесипкөйлөр командасына кошулуңуз!

 

Сунушталган кызматтар

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы