Перейти на новый сайт
MegaPay эволюциясы уланууда: ЭЛКАРТ виртуалдык картасы смартфонуңузда!

MEGA Кыргызстандын уюлдук операторлорунун ичинен биринчи болуп  MegaPay мобилдик тиркемесинде Элкарт улуттук төлөм системасынын виртуалдык картасын ишке киргизди.

MEGA ЭЛКАРТ ─ бул:

  • пластик түрүндө эмес, санариптик форматта чыгарылуучу жана  кадимки картага альтернатива боло турган карта;
  • карта валютасы – сом (KGS);
  • универсалдуу жана колдонуучуга 24/7 шарттамында жеткиликтүү;
  • картаны каттоо, чыгаруу жана берүү онлайн түрдө жүргүзүлөт;
  • номери, колдонуу мөөнөтү жана CVV-коду (колдонуучу табыштамасын тариздеп жаткан учурда SMS аркылуу алат) болот;
  • картанын реквизиттери MegaPay тиркемесинде колдонуучунун (ээсинин) жеке эсебинде коопсуз сакталат.
  • MEGA ЭЛКАРТ аркылуу Кыргызстандын банк карталарын толуктап, насыяларды төлөй аласыз, коммуналдык төлөмдөрдү төлөй аласыз, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр  жана башкалар жеткиликтүү.

 MEGA ЭЛКАРТ виртуалдык картасынын артыкчылыктары:

  • төлөмдөрдүн коопсуздугу; 
  • MegaPay аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн лимити боюнча эч кандай чектөөлөр жок;
  •  электрондук капчыктарды толуктоо;
  • айлана-чөйрө үчүн зыянсыздыгы.

MEGA ЭЛКАРТ картасын кантип толуктоо керек:

  • MegaPay тиркемесинде телефондун балансынан;
  • MEGA сатуу жана тейлөө борборлорунда;
  • MEGA терминалдык түйүнүндө.

MEGA ЭЛКАРТ виртуалдык картасын тапшырык берүү эң жөнөкөй! Бул үчүн төмөндөгүдөй иш-аракеттерди аткаруу жетиштүү:

  • MegaPay тиркемесин жүктөп алуу же жаңылоо ( App Store'до жана Google Play'де жеткиликтүү);
  • башкы экранда «Жаңы карта ачуу»;
  • тейлөө шарттары менен таанышып чыгуу  жана картаны ачууга макулдук берүү;
  • “Картага тапшырык кылуу” баскычын басуу;
  •   SMS аркылуу алынган тастыктоо кодун киргизүү.
  • Даяр!

Маанилүү! MEGA ЭЛКАРТ виртуалдык картасы толук банктык идентификациялоодон  өткөн MegaPay колдонуучулары жана Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн жеткиликтүү.

MegaPay — жашооңуздагы алмаштырылгыс жардамчыңыз!

 

Сунушталган кызматтар

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы