Перейти на новый сайт
2019-жылдын бараандуу спорттук иш-чарасы MegaCom компаниясынын колдоосу менен өттү

2019-жылдын бараандуу спорттук иш-чарасы MegaCom компаниясынын колдоосу менен өттү

Өткөн дем алышта 2019-жылдагы маанилүү иш-чараларынын бири болгон, кезектеги велосезон кайрадан MegaCom байрагынын астында ачылды. Чогулган велосипедчендер тобу жаан-чачынга карабастан, шаарыбыздын борбордук көчөлөрүн аралай өз жүрүшүн улашты. Сергек жашоо образын жайылтуу максатын көздөгөн бул иш-чара велоспортко кызыккандар үчүн мыкты табылга. Быйылкы велосезондун ачылышына эки миңден ашуун адам чогулду, бул − рекорддук көрсөткүч жана катышуучулардын саны жылдан-жылга арбып жаткандыгынын белгиси.

Жамгыр да, шамал да чогулгандардын маанайын чөгөрө алган жок. Тескерисинче, алар дем алыш күнүн ары пайдалуу, ары көңүлдүү иш-чарага катышуу менен кызыктуу өткөрүштү. Революция каармандарынын эстелиги орнотулган аянт күндөгүдөн шаңдуу болуп турду. Бул жерге эртең менен көптөгөн велосипедчендер чогула башташты. Алардын арасында  улуу муундун өкүлдөрү, жаштар, ал гана эмес кичинекей балдарын ээрчите келген үй-бүлөлөр да бар. Бул жагымдуу көрүнүш  биз келечекке дени сак муун менен барабыз деген ишенимди жаратат. Веложүрүштүн ачылышына башка шаарлардан атайын келип катышып жаткандардын да саны арбын. Бул спорттук иш-чарага каалагандардын бардыгы катыша алышат.

«MegaCom компаниясы беш жылдан бери шаар тургундары бул бараандуу иш-чараны өткөрүүгө колдоо көрсөтүп келет. Шаар тургундары жыл сайын веложарыштын ачылышын чыдамсыздык күтүшөт жана бул иш-чарага активдүү катышып келишет. Сергек жашоого өзгөчө маани берген мекендештерибиздин саны арбып келе жаткандыгы кубандырбай койбойт. Быйылкы жылы веложүрүш  BRAVO жаңы тарифтик  планына арналып өткөрүлүп жатат. Аталган тариф абоненттерибиз кеңири колдонуучу онлайн-сервистер үчүн чектөөсүз интернетти жана башка абоненттер менен бөлүшүүгө мүмкүн болгон гигабайттардын чоң топтомун өз ичине камтыйт. Биз келечекке заман талабына ылайык кадам таштап, абоненттерибиз үчүн ыңгайлуу кызматтарды сунуштап келүүдөбүз» −деп белгилей кетти MegaCom компаниясынын башкы директору Акылбек Жамангулов.

Чогулгандар алгач коопсуздук эрежелери менен таанышты. Андан соң старт жарыяланып, велоколонна шаарыбыздын борбордук көчөлөрү менен өз жүрүшүн баштады. Велосипедчендер бардыгына ыңгайлуу болгон орточо ылдамдыкта бара жатышты. Алардын арасында тажрыйбалуулар да, велосипед тебүүнү жаңыдан үйрөнүп жаткандар да бар эмеспи. Бири-бирине жардам берүү веложүрүштүн катышуучулары үчүн салтка айланып калгандай. Спорттук иш-чаранын катышуучуларын жол кыймылын көзөмөлдөөчү кызматкерлер, тез жардам унаасы жана R-Bikers Федерациясынын тажрыйбалуу маршалдары коштоп жүрүштү. MegaCom компаниясынын жетекчилиги жана ынтымактуу жамааты иш-чарага жигердүү катышты.

Марага – Жеңиш паркына жеткенде веложүрүштүн катышуучуларын уюштурууучулар тарабынан даярдалган көңүл ачуучу программа, кызыктуу конкурстар жана MegaCom белектери жана белгилүү ырчылардын аткаруусундагы мукамдуу ырлар күтүп турду. Көңүлдүү шоу-программаны көрүп, эс алган велосипедчендер «Фламинго» паркына жол тартышып, ал жерден атайын даярдалган дасторкондон даам сызышты.

«Биз жыл сайын ушул иш-чарага катышуу үчүн Кара-Балта шаарынан келебиз. Катышуучулардын саны жылдан -жылга көбөйүп жатат. Бул, албетте,кубандырбай койбойт. Бул ден соолук үчүн да, экология үчүн да пайдалуу», − деген таасирлери менен бөлүшө кетти веложүрүштүн катышуучусу Рустам Ибрагимов.

MegaCom 6- апрелде түштүк аймагыбыздын борборунда – Ош шаарында өтүүчү веложүрүшкө чакырат. Иш-чарага каалоочулардын бардыгы катыша алат. Болгону бузугу жок велосипедиңизди даярдаңыз жана  мыкты маанайда келиңиз!  

 

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы