MegaCom «Дордой» базарында жаңы ачылган MegaStore кеңсесине чакырат
Жакын арада "Дордой" базарына бара турган болсоңуз, анда MegaStore заманбап кеңсесине баш бага кетүүнү эсиңизден чыгарбаңыз. Бул жерде Xiaomi, LG, Huawei, Samsung дүйнөлүк бренддеринин мобилдик телефондору жана алардын гаджеттери жана аксессуарлары үчүн жеткиликтүү баа каралган.
Көңүлүңүзгө төп келген аппараттын акысын мөөнөтүн узартып төлөө менен сатып алууга болот. Талап кылынуучу документтер: паспорт жана кирешелер тууралуу маалымкат (акыркы 6 ай үчүн).
2019-жылдын 31-январына чейин аракетте болгон MegaStore акциясына катышыңыз жана Huawei смартфондорун арзандатылган баада, баштапкы төлөмсүз, төлөө мөөнөтүн узартуу менен сатып алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз. MegaCom адистери замандаштарыбыздын бардык талаптарына ылайык келген түзмөктөрдүн кеңири түркүмүн сунушташат.
Сизди MegaStore кеңсесинен күтөбүз! Дареги: «Дордой» базары, №15 өтмөк, №60-61 контейнер («Мир обуви»). Иштөө убактысы: саат 9:00 дөн 17:00гө чейин, дем алышсыз жана тыныгуусуз.