Перейти на новый сайт
MegaPay менен колдонуп, батир утуп алыңыз!

MegaPay менен колдонуп, батир утуп алыңыз!

MegaCom абоненттери MegaPay мобилдик капчыгынын ыңгайлуулугуна татыктуу баа берип келишүүдө. Бул жаңычыл тиркеменин жардамы менен каалаган учурда, каалаган жерден өз смартфонуң аркылуу  төлөм жүргүзүп, акча которууларды ишке ашыра аласың!

MegaPay тиркемесин колдонгондор үчүн мыкты жаңылык! MegaCom «Конуштой» лотереясына катышып, батир үчүн ат салышуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

2018-жылдын 1-ноябрынан 2019-жылдын 13-мартына чейин өткөрүлө турган лотереяда батирден тышкары,  ай сайын баалуу байгелер  – «Оргтехстрой» курулуш компаниясынан жана анын өнөктөштөрүнөн батир сатып алууга  400 000 сом жана  200 000 сом өлчөмүндөгү арзандатуучу тастыктамалар, жана да  iPhone XS жана мобилдик интернеттин 1 000 000 мегабайты ойнотулат. Лотерея алкагында ай сайын 4 утуш оюнунун, ал эми 2019-жылдын 13- мартында башкы байгенин – «Оргтехстрой» компаниясынан жалпы аянты 49,5 ч.м. болгон бир бөлмөлүү батирдин ээси аныкталат.

«Конуштой» лотереясына катышуу үчүн, төмөндөгү иш-аракеттерди аткаруу зарыл: 

  1. Лотереяга катышуу үчүн MegaPay мобилдик тиркемесин көчүрүп алуу жана ага катталуу, тиркемеде жеткиликтүү болгон кызматтар үчүн акы төлөө жетиштүү (буга чейин катталган колдонуучулар автоматтык түрдө катыша алышат).
  2. MegaPay тиркемеси аркылуу канчалык көп төлөм жүргүзсөңүз, баллдарыңыздын саны жана мүмкүнчүлүктөрүңүз ошончолук көп болот.
  3. Баллдардын  саны белгиленген чекке жеткенде лотереялык билет берилет. Алмаштыруу курсу боюнча 2 000 балл үчүн 1 лотереялык купон берилет.

Топтолгон баллдарыңыздын санын билип тургуңуз келсе, MegaPay тиркемесиндеги  «Акциялар» бөлүмүнө кириңиз. Ар бир утуш оюнунун жеңүүчүлөрү  random.org. сайтында туш келди сандардын генераторунун жардамы менен кокусунан тандалат. Утуш оюндары  «Оргтехстрой» курулуш компаниясынын, MegaCom мобилдик операторунун жана  Мамфинкөзөмөл уюмунун мүчөлөрүнүн катышуусу менен өткөрүлөт. Онлайн-трансляция Instagram социалдык тармагында, ал эми видео-отчет  башка соц.тармактарда жеткиликтүү болот. Толук маалыматты megacom.kg сайты же  0 755 000 999 номуру аркылуу (MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз) алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы