MegaCom Ош шаарында өтө турган веложүрүшкө чакырат
Жадыраган жазгы маанайдын жарчысы болгон веложүрүштү өткөрүү кезеги Ош шаарына келди.
Веложүрүш күнөстүү түштүк калаабызда 21-апрелде өтмөкчү. MegaCom компаниясы шаардык мэрия менен биргеликте өткөрүүчү бул иш-чарага жаш курагынан, кесибинен көзкарандысыз бардык каалоочулар – үйрөнчүктөрдөн тарта дасыккандарга чейин катыша алышат.
Велосезон үчүнчү жыл катары менен алдыңкы уюлдук оператордун байрагынын алдында ачылып, жыл сайын катышуучулардын саны арбып жаткандыгы кубандырат.
Темир тулпарчандар Ак-Буура дарыясынын жанындагы дөңсөөдө саат 10:00дө чогулушмакчы. Ош шаарынын тургундарынан жана меймандарынан турган велотоптун маршруту: Сай-бою – Ленин – Исанов – Шакиров – Нурматов – Сай-Бою. Белгиленген маршруттун узундугу – 9 км, бул 2017-жылга караганда 2 километрге көп. Катышуучулардын бардыгына алдыңкы мобилдик оператордун фирмалык футболкалар таратылат.
Марага жеткенде болсо, катышуучуларды атайын көңүл ачуучу программа күтөт. «Эл эмне дейт?» скетч-шоусунун алып баруучулары өз жагымдуу тамашалары, кызыктуу конкурстары менен чогулгандарга жагымдуу маанай тартууласа, конкурстарга жигердүү катышкандар үчүн MegaCom тарабынан белектер даярдалган.
Иш-чарага каалагандардын бардыгы катыша алат. Болгону бузугу жок велосипединин болгондугу, жолдо жүрүүнүн базалык эрежелерин билүүсү жетиштүү.
Компания спорттук иш-чараларды өткөрүүгө жигердүү колдоо көрсөтүп, сергек жашоону жана спортту жайылтууга өз салымын кошууда. Эс алуу күндөрүңүздү MegaCom менен бирге өткөрүңүз. Жаңылыктар Facebook баракчасынан кабардар болуп, mega-окуялардын борборунда болуңуз!
MegaCom – спорт жана сергек жашоо үчүн!