Перейти на новый сайт

Күйүп кетпей турган ГБ, акысыз мүнөттөр жана SMSтер же MegaCom сунуштаган «Хайп» тарифи жагымдуу уу-дууну жаратты

Күйүп кетпей турган ГБ, акысыз мүнөттөр жана SMSтер же MegaCom сунуштаган «Хайп» тарифи жагымдуу уу-дууну жаратты

MegaComдун жаңы «Хайп» тарифи тууралуу абоненттер, тариф расмий түрдө ишке киргизилгенге чейин эле жарнамалар жана социалдык тармактар аркылуу билишкен эле. Жаңы тарифтин айланасында хайпты (англ. «hype») – уу-дууну жаратып, абоненттердин кызыгуусун арттырган бул тариф чындыгында эле жагымдуу толкундоону пайда кылды. Бул кандай тариф? Кандай шарттарды сунуштайт? Буга чейинки кызматтардан айырмаланабы? – ушул жана башка суроолорго MegaCom компаниясынын коммерциялык директору Нурбек Ишекеев жооп берип, жаңы кызмат тууралуу толук маалымат бере кетти. Анда эмесе, кеп учугун уласак.

- Нурбек мырза, жаңы «Хайп» тарифи тууралуу айтып берсеңиз. Анын өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары эмнеде?                                

- «Хайп» - бул MegaCom компаниясынын флагмандык тарифтик планы.  Мекенибиздин   телекоммуникация чөйрөсүндө  буга окшогон кызмат болгон эмес. Бул абоненттерибиз көптөн бери күтүп жүргөн жана алардын мүдөөсүнө төп келе турган тариф.  Бүгүнкү күндө мобилдик интернетти жигердүү колдонгон мекендештерибиздин саны арбын. Муну эске алуу менен, жаңы тарифте  интернет-трафиктин мурда болуп көрбөгөндөй көлөмү  жана буга  кошумча чектөөсүз опциялар да каралган.

«Хайп» - бул кызыктуу «фишкаларды» жана пайдалуу  функцияларды өз ичине камтыган  үч негизги топтом:

  •  S топтому –  ай сайын 250 сом абоненттик төлөмү менен 20 ГБ;
  •  M топтому – ай сайын 400 сом абоненттик төлөмү менен 50 ГБ;
  •  L топтому – ай сайын 600 сом абоненттик төлөмү менен 100 ГБ.

Ар бир топтомдогу максималдуу ылдамдыктагы интернеттен тышкары «Хайптын» эң башкы артыкчылыгы — бул «Одноклассники» социалдык тармагына акысыз трафик (негизги топтомдон сарпталбай турган), жана да  суткасына 24 саат бою түйүн ичиндеги акысыз чалуулар жана SMS-билдирүүлөр.

- Баса белгилей кетүүчү дагы бир өзгөчөлүк, эми абоненттер бир айда сарпталбай калган гигабайттарын кийинки айга которо алышат. Тактап айтканда, сарптаганга жетишпей калган гигабайттар күйүп кетпейт. Берилген трафикти ашыкча колдонуп, ал үчүн кошумча төлөм  төлөп калам деп  кам саноонун да зарылчылыгы жок. Тариф боюнча берилген көлөмдөр аяктагандан кийин же абоненттик төлөм төлөнбөгөндө интернетти бөгөттөө функциясы ишке кирет.

Төлөм жүргүзүүнүн ары ыңгайлуу , ары пайдалуу формасы да сунушталган. Тандалган топтом үчүн балансты алты айга алдын ала толуктоо менен (топтомго алты айга жазылуу) Cash Back акциясына катышууга болот. Эң кызыгы, акциянын алкагында балансыңызга кайтарылган акча каражаттарынын эсебинен  1440 сомго чейин үнөмдөй аласыз.

-Жаңы тарифте баса белгилей кетүүчү жагдайлар, кошумча акыны талап кылган  учурлар барбы?   

- «Хайпка»  эски тарифтен өтүүгө мүмкүн эмес. Эгерде бул жаңы тарифти кошуп алууну кааласаңыз,  «755» коду менен SIM-карта сатып алыңыз. «Хайп» тарифинин бирден-бир шарты – жогоруда айтылган белгиленген айлык абоненттик  төлөмү бар топтомдун бирин кошуп алуу. 

Абоненттерибиз үчүн дагы бир бонус – абоненттик төлөм төлөнбөгөн учурда же баланс  жетишсиз болгондо  MegaChat  жеткиликтүү бойдон кала берет, башкача айтканда «Хайп» тарифтик планынын алкагында бул сервисти колдонуучулардын ортосунда аткарылган чалуулар жана билдирүү жөнөтүүлөр акысыз.

- Топтомор тууралуу айта кетсеңиз? Ар биринин кандай өзгөчөлүгү бар?

-  L топтому – сунушталган үч топтомдун эң   «оору». Бул трафиктин эң чоң көлөмүн камтыйт деген сөз.  Абонентке  максималдуу ылдамдыктагы 100 ГБ мобилдик  интернет жеткиликтүү. Ооба, бул чындыгында эле эбегейсиз чоң көлөм. Сүйүктүү кинотасмаларды көрүп ырахат алууга, социалдык тармактарга,  YouTube-га  кирүүгө, оюндарды ойноого, түз эфирдеги трансляцияларды көрүүгө, кыскасын айтканда, көлөмдөр баарына жетет!

 М топтому интернет-трафикке жана түйүн ичиндеги акысыз баарлашууларга өзөчө маани бергендер үчүн ыңгайлуу. Топтомдо 50 ГБ интернет каралган,  бул көлөм сүйүктүү сайттарга саякат жасоо үчүн да  жетиштүү. Эң «жеңил»  S топтому  интернет-трафиктин жетиштүү көлөмүн – 20 ГБ өз ичине камтыйт. Бул көлөм жетишсиз болсо, автоматтык функциянын жардамы менен кошумча көлөм алсаңыз болот.

Ар бир топтомдо  «Одноклассники» сайтына акысыз кирүү, мындан тышкары түйүн ичиндеги акысыз чалуулар жана  SMSтер каралган.  Жыйынтыктап айтканда, бул үч топтом тең «хайп» деген аталышына төп келет. 24/7 форматында онлайн иш алып баруу үчүн идеалдуу.

- Тариф кайсы аудиторияга ылайыкталган?

- Аталышы дагы, урааны да айтып тургандай тариф жаштарга түшүнүктүүрөк боло тургандыгы бышык. Балким, бул саркеч сөздөр улуу муун үчүн кызыгууну жаратышы мүмкүн. «Хайп»  же  «Уу-дуу кылабыз» дегендин өзү жаштыктын жагымдуу көз ирмемдеринен кабар бергенсийт. Бүгүнкү күндө интернет-кызматынан жаш курактан көзкарандысыз бардыгы колдонуп келишүүдө. Ошондуктан «Хайп» ар бир абонент үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү болгон тариф десек жаңылышпайбыз.

Биз тынымсыз өнүгүү жолунда келе жаткан бүгүнкү жашообузга шайкеш, мезгилден артта калбастан кадам таштаган тарифти ишке киргизүү максатын көздөгөнбүз жана  жаңы  тарифтин колдонууга ыңгайлуу болушун, жана да абоненттерибиздин жеткиликтүү баадагы сапаттуу кызматтан колдонуусун каалаганбыз. Мунун бардыгы «Хайп»  тарифинде камтылган.

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы